Перейти на новый сайт
Байгелер өз олимпиялык баатырларын табышты


Байгелер өз олимпиялык баатырларын табышты

Спорт салтанаты.   Дене тарбия жана спорт ишмерлеринин кесиптик  күнүнө карата Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн  иш-чараны дал ушундай мүнөздөөгө болот. Ага мамлекеттик кызматкерлер, бизнестин өкүлдөрү жана салтанат ээлери – спорт чеберлери катышышты. Аларды MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич  чын жүрөктөн куттуктап өттү.

Кесиптик майрамына карата спорт чеберлери алардын дарегине айтылган жылуу куттуктоолорду жана мактоо сөздөрүн угушту.  Эң көрүнүктүүлөрү мамлекеттик сыйлыктарга жана акчалай сый акыларга татыктуу болушту. MegaCom компаниясынын  сый акысына Сингапурда өткөн I жаштар Олимпиада оюндарынын алтын жана коло медалдарына татыган дзюдо жана грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберлеринин машыктыруучулары арзышты. Сыйлыкка татыгандар  тизмесине - Раатбек Мамбетов, Ислам Омурзаков, Петр Ялома, Абдыразак Шаршенов жана Талант Дуйшенбековдор киришти.  Алардын баары компаниянын башкы директору Андрей Силичтин колунан акчалай сыйлыктарды алышты:

- Мен  машыктыруучулардын салымын өзгөчө белгилегим келет. Анткени ар бир жеңиштин артында нечен жылдар аралыгындагы кажыбас эмгек турат, деп сөзүн баштады А. Силич: - Биздин чемпиондорду тарбиялап,  өлкөнүн спорт аброюн көккө көтөрүп жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап, ийгиликтерди жана жаңы олимпиадалык жеңиштерди каалап кетем. Ал эми компаниянын атынан сиздерди ишендирип кетем -  республика үчүн бардык маанилүү спорт иш-чаралар биздин колдоо алдында өтөт, - деди Андрей Силич.

Машыктыруучулардын бири, Петр Яломанын айтымында,  машыктыруучу болуу оңой иш эмес.  “Ал эми чемпиондун машыктыруучусу болуу – андан да оор.  Анткени, бийиктиктерди кармап гана калуу эмес, бул ийгиликтер жөн жерден келбегенин да күнүгө  далилдөө зарыл».

MegaCom компаниясы 2009-жылы “Эң мыкты спорт меценаты” деген наамга татыган. Компания туруктуу негизде мыкты спорт чеберлерин жана улуттук федерацияларды колдоого алып келет, ошондой эле  аймактык мектептерди  спорт инвентары менен камсыз кылуу, жаш оюнчулардын турнирлерин колдоо өңдүү бир катар иштерди аткарып келет.


Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «SMS/PUSH-рассылка от MegaCom»

  • Услуга

    «Второе дыхание»

  • Услуга

    «Прозрачный счёт. Порог предупреждения»

  • Услуга

    Доверительный платеж