Перейти на новый сайт
MegaCom: Жаңы технологиялар, жаңы чечимдер, жаңы инвестициялар


MegaCom: Жаңы технологиялар, жаңы чечимдер, жаңы инвестициялар

Алматы шаарында өткөн «Digital Communications Event 2010» эл аралык конференциясында MegaCom компаниясынын эксперттеринин “Кыргыз Республикасынын техникалык келечегине инвестициялар” бет ачары  ийгиликтүү  өтүп,  эл аралык инвесторлордун арасында резонанс жаратты.

Internet World Stats интернет-ресурсунун маалыматына таянсак, ыргызстан  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде уюлдук байланыш жана Интернеттин таралышы боюнча  () лидер . Өткөн  жылы эле дүйнөлүк түйүн пайдалануучулардын саны 60 миңге өсүп, жалпысынан эки миллиондон ашкан. 2010-жылдын тармак боюнча пайданын өлчөмү $ 400 миллиондон ашат деп күтүлүүдө. .

Адистердин баамы боюнча, Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагына жылдык инвестициялык салымдар (көпчүлүгү уюлдук байланыш  сегменти) 100 миллион АКШ долларынанашык каражатты түзөт. 2010-жылы Кыргыз- Россиялык биргелешкен MegaCom уюлдук операторунун үлүшүнө өлкөнүн телекоммуникациялык тармагына болгон инвестициялардын жарымынан көбүрөөгү  жумшалат деп пландалууда.

MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Александр Бороздиндин айтымында, ушул тапта компания  3G жана LTE технологиялар базасында Интернет түйүнүнө жогорку ылдамдыкта колдонууну өнүктүрүү боюнча долбоорлорго басым жасоодо.
Александр Бороздиндин билдиришинче, өлкөдө бизнести жүргүзүү үчүн туруктуу шарттар сактала турган болсо,  Россиялык инвестор  бул демилгелерди жүзөгө ашырууга жеңди түрүп киришмекчи. .

  Адистердин баамында, жакынкы жылдары Кыргызстанда байланыш кызматына суроо-талап жогору бойдон калып, пайдалануучулардын активдүүлүгү өсөт.  Ошондуктан республиканын телекоммуникация рыногу жакынкы арада өзүнө инвестиция тартуу жөндөмдүүлүгүн сактай алат.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Ваш мобильный счёт»

  • Услуга

    Услуга «Я звонил/Мне звонили»

  • Услуга

    «Перезвони мне»

  • Услуга

    «Роуминг»