Перейти на новый сайт
MegaCom: Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагына инвестициялоо убактысы келип жетти!



MegaCom: Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагына инвестициялоо убактысы келип жетти!

MegaCom компаниясынын өкүлдөрү Digital Communications Event 2010 деген аталыштагы Борбордук Азия регионунда сан арип технологияларын өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышып келишти. 

КМШ өлкөлөрүнүн телекоммуникациялык рыногунун маанилүү оюнчулары сан арып өткөргүчсүз байланышты, сан арип телевидениесин, Интернет жана уюлдук контентти өнүктүрүү маселелерин талкууга алуу үчүн Алматы (Казахстан) шаарында чогулушту. Конференция эң мыкты баарлашуу аянтчасы болуу менен катышуучулар үчүн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түздү. 

Кыргыз Республикасынын GSM-операторлорун конференцияда MegaCom компаниясынын өкүлдөрү тартуулашты. Компаниянын “Технологиялык жабдууларга инвестициялар Кыргыз Республикасынын келечеги” деген аталыштагы докладдын бет ачаарын MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Жылдыз Караталова тартуулап, катышуучулардын олуттуу кызыгуусун жаратты. «Кыргызстанда телекоммуникация рыногу олуттуу өсүштө, сандык жана сапаттык өнүгүүгө бет алган, - деп белгиледи өз сөзүндө Жылдыз Караталова. - Азыр - Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык рыногунда ишенимдүү лидердик орунда турган уюлдук компанияларга инвестициялоонун эң жакшы учуру». Катышуучулар үчүн Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен калк арасында Интернеттин кириши жагында алдынкы орунда экендиги ачылыш болду.

MegaCom компаниясы Eventis Telecom телекоммуникациялык холдингинин ири компаниялар тобуна кирет, Кыргызстанда 2006-жылдын апрель айынан тартып ишин алып барууда. Камтууну камсыз кылуу өлкөнүн калктуу аймагынын 90 пайызын камтыйт, 2 миллион абонентти тейлөөгө алуу менен роумиг-өнөктөштөр жана базалык станциялар саны боюнча алдынкы орунда. Компания түйүндү кеңейтүү жана техникалык өнүктүрүү тармагында туруктуу ишти алып барат. Жакынкы келечекте MegaCom “үчүнчү муун” 3G технологиясына өтүүнү жана LTE тестирлөө зоналарын киргизүүнү пландаштырууда. 


Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы