Перейти на новый сайт

Күн нур чачкан, көпкөк асман …



Күн нур чачкан, көпкөк асман …

«Балдар чыгармачылы чеберканасы» - Наристе Алиеванын «Сөздүн аутопсиясы» көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган долбоор балдар үчүн ү искусство дүйнөсүнө ачылган терезе болду. Долбоорду MegaCom компаниясы колдоого алган.

Боекко боелгон алакандар ачык, сары күндүн нурларын кылдаттык менен чыгарууга аракет көрүп жатат. Бала аракетинен улам тилин акырын чыгарып алуу менен сүрөт тартууга аракет көрүүдө - ал өзүнүн жеке дүйнөсүн - бакыт, кайрымдуулук жана ачык-кенендик дүйнөсүн жаратып жатат… Боектор менен MegaCom компаниясы шефтикке алган «Нурмээайса» жетим балдар пайдаланышууда. Боекко чампаланган балдар бири-биринин жараткан сүрөттөрүн көрүп алышып шаңдуу күлүп жатышты. А балким бул, улуулардын эркелетүүсүнө моокуму канбагандыгы үчүн алар өзгөчө сезим менен өздөрүнүн кенен дүйнөсүн барак бетине түшүрүп жатышкандыр. 

Балдар чыгармачылыгынын чеберканасы - өткөн аптанын дем алыш күнү Көркөм-искусство музейинде, Кыргызстанда биринчи жолу ачылды. Алгач балдар үчүн музейде атайы экскурция жүргүзүлдү, андан кийин алар менен улуу кишилер менен баарлашкандай искусство тууралуу маек өткөрүлдү. Шаңдуулук көңүлсүз калтырылган жок: «бул кечеге» музейди кыдырып жүрүшкөн Балдарды ребилитациялоо борборунун балдары да конокко келишти. Алар «Нурмээайса» тарбиялануучуларына ырахаттануу менен кошулушту.

«Балалык - адамдын касиетинин өнүгүшүндөгү олуттуу баскыч. Балалыкта гана чыгармачылыкка умтулуу жана эстетикалык табиттин турукталышынын пайдубалы түптөлөт. Кичинекей балдар үчүн жаратуу - дем алуу менен эле барабар. Алар өзүнүн жашоосунун ар күнү, ар бир убактысында бир нерсе жаратышат. Бул көрүнүш байкалбастан өтүп кетүүгө жана чоңойгон сайын өчүп калууга тийиш эмес», - дейт Наристе Алиева. MegaCom компаниясынын кызматкери Мээрим Султаналиева өзүнүн эмоциялары менен бөлүштү: «Мен ушул чыгармачылык майрамдын өтүшүнө өз салымыбызды кошконубуз үчүн абдан кубанычтамын. Анткени балдардын кубанычы - бул чыныгы бакыт!»

Балдар чыгармачылыгынын сабактарында түзүлгөн чыгармачылык иштер, кошумча экспонат катары музейде калтырылды, ал эми Наристе Алиеванын 2010-жылдын 30-сентябрга чейин өтүүчү көргөзмөсү учурунда тааныша алышат.


Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    "Ожидание и удержание вызова"

  • Услуга

    Мегарассылка

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»