Перейти на новый сайт
Чыгармачылыктын бардык боектору



Чыгармачылыктын бардык боектору  

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейи 16-сентябрдан тартып 30-сентябрга чейин “Сөздүн аутопсиясы” деген аталыштагы Наристе Алиеванын жеке көргөзмөсү өткөрүлөт. Иш-чара MegaCom компаниясынын колдоосу алдында өткөрүлүүдө.

Наристенин көргөзмөсүнүн ачылышы Кыргызстандын маданият чөйрөсүндөгү олуттуу саамалыкка айланууда. Мындай форматтагы иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө, анткени автор жаңы ыкманы колдонгон - ыр саптарын видео тилге которуу. Көрүүчүлөр бир эле учурда бир чебердин видео көрсөтүүсү, живописи, графикасы жана көркөм фотографиясы менен тааныша алышат.  

Биринчи жеке көргөзмөсү менен Наристе Алиеваны куттуктоого достору: белгилүү маданий ишмерлер, бизнес-элитанын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Белгилүү акын Светлана Суслова көргөзмө боюнча өз оюн билдирди: «Наристе - өзгөчө чыгармачыл адам. Ал - чыныгы сүрөтчү».

- Биз Наристенин замандашы болуп калгандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Мен биринчи жолу анын иштери менен таанышканымда биринчи оюм: «Эх-бали!» болгон. Ал өз чыгармачылыгында бири-бирине дал келбеген багыттарды камтыган, ошол эле учурда өзүнүн бир бүтүндүгүн сактап турат. Биз авторго жол ачып турган бактылуу жылдызды каалайбыз, - деп пикири менен бөлүштү MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Жылдыз Караталова. 

Наристе Алиева сынак жүргүзүүдөн коркпойт.Сүрөтчү постмодернизм доорунун учурдагы искусствосунун ар кандай багыттарын айкалыштыруу жолу менен жаңы демилгелерди жана формаларды табууда. Айрым графикалык жана көркөм чыгармаларында сүрөтчүнүн эмоционалдык байкоолору ачык көрүнгөн, абстракттык экспрессионизмге жакындашкан, башка иштери учурдагы жапон постмодернизми - superfat алкагындагы графикалыкты жана берүүнүн жөнөкөйлүгүн чагылдырган.

Көргөзмөнүн алкагында 40-тан ашык сүрөт, 30 фотоиштер, “Кара китеп”, “Ак Лабиринт” чыгармаларын көрсөтүү, видеопоэзия сунушталып, ошондой эле Наристе Алиеванын “Түбү жок убакыт үстүндө” деген китебинин бет ачаары болуп өттү. “Сөздүн аутопсиясы” көргөзмөсүнүн жүрүшү мезгил аралыгында Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм искусство музейинде дарстар жана мастер-класстар өткөрүлөт.


Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы