Перейти на новый сайт

MegaCom татыктуу келечек үчүн



MegaCom татыктуу келечек үчүн 

Компания №82-мектептин жаңы корпусун курууга каражат топтоо боюнча «Бардыгыбыз бирге - балдарга!» деген аталыштагы кайрымдуулук марафонуна катышты.  

“Ала-Тоо” жаңы конушунда жайгашкан №82-мектеп 350 орунга каралган, бирок анда 1500 окуучу билим алууда. Абал коңшу жайгашкан “Ак-Ордо” жаңы конушунда мектептин орун албагандыгы жана жергиликтүү балдар №82-мектепте окууга аргасыз болуп жаткандыгы менен да татаалдашууда. Натыйжада билим алуу үч ыргакта жана мектеп окуучулар үчүн анчалык ыңгайлуу болбогон шарттарда өткөрүлөт. Жаш кыргызстандыктардын келечегине кайдыгер карабагандарын бардыгы жаңы корпусту курууга чегерүүлөрдү жүзөгө ашырышты.

- Бул татыктуу ишке биздин компаниянын өз салымын кошууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине кубанычтабыз, - деп белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич. - Мына мектепте гана жаш муун дүйнө таанып, ага карата өз пикирлерин түптөй баштайт эмеспи. Ушул мезгилде балдар үчүн эриш-аркак өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү өтө маанилүү. Мектеп келечек жашоо үчүн мыкты мара, аянтча болууга тийиш.

MegaCom компаниясы кайрымдуулук жана социалдык ишкердикке олуттуу көңүл буруп келет. Акыркы үч ай ичинде гана Нарын шаарынын сегиз жалпы билим берүү мекемелерине, Балыкчы шаарынын №1-мектеп-гимназиясына материалдык-техникалык жардамдар көрсөтүлгөн. Ал эми Каракол шаарында жакынкы келечекте жаңы балдар бакчасы ачылат - компания имаратты реконструкциялоого инвестиция жумшоого ниеттенүүдө, ал мектепке чейинки мекемеге берилет. Нарында MegaCom муниципалдык сүттү кайра иштетүү цехинин ачылышын каржылоодо, аталган мекеме областтын мектептерин, балдар бакчаларын жана ооруканаларын сапаттуу сүт азыктары менен камсыз кылмакчы. 


Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Пауза»

  • Услуга

    «IP Звонок»

  • Услуга

    Конференц-связь

  • Услуга

    «Видеовызов»