Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Ысык-Көл областында регионалдык өкүлчүлүгүн ачты

MegaCom компаниясы Ысык-Көл областында регионалдык өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз-россия MegaCom компаниясы өлкөнүн региондорунда филиалдык түйүндөрүн акырындык менен кеңейтүүнү ийгиликтүү улантууда. Ысык-Көл областынын Каракол шаарында өкүлчүлүктүн салтанаттуу ачылыш аземи республиканын ири областтык жана райондук борборлорун өздөштүрүүдөгү компаниянын олуттуу кадамдарына кирди.

Мыйзамдуу укуктарын калыбына келтиргенден кийин россиялык бизнесмен Глеб Огнянников башында турган россия инвестору, 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгынын  стратегиялык  артыкчылыгынан кылып тейлөөнүн регионалдык түйүнүн кеңейтүүнү аныктоо аркылуу уюлдук оператордун бүтүндөй республика боюнча лидердик позициясын бекемдөө жагына басым жасоодо.

«Биздин акционерлер компанияны Eventis Telecom холдингинин бирден-бир артыкчылыктуу активинен деп саноо менен Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө даяр, – деп белгиледи  башкы директордун орун басары Жылдыз Караталова. – Бүгүнкү күнгө карата MegaCom компаниянын өкүлчүлүктөрү Ош, Нарын жана Ысык-Көл областтарында иш алып барууда, жылдын акырына чейин компания республиканын бардык аймактарында өкүлчүлүктөрүн ачмакчы».

Компаниянын тейлөө борборлору абоненттерди тикелей сервистик колдоп жүрүүнү камсыз кылышат жана тейлөө менен байланыштуу болгон бардык маселелерди ыкчам чечип беришет – борборлорго келген адамдар ыңгайлуу болгон тарифтерге кошулуу, өзүнүн байланыш кызматтарын төлөө, кошумча сервистерди улаштыруу, ошондой эле компаниянын адистеринен жекече консультацияларды алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. 

Компания калкты байланыш менен камсыз кылбастан, аларды эмгектин мыкты шарттары менен камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү жашоочулар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп берип жаткандыгы да маанилүү, албетте бул, бүтүндөй областтын экономикалык абалына да оңтойлуу таасирин тийгизет. «Бардык кызматкерлер – силердин жердештериңер, алар Каракол шаарынын жашоочуларынын ичинен тандалып алынып, Бишкек шаарында компаниянын кесипкөй адистеринен атайы окутуудан өтүшкөн», - деп белгиледи Каракол жаарында өкүлчүлүктүн ачылышына карата салтанаттуу сөзүндө компаниянын башкы директору Андрей Силич.

MegaCom компаниясынын Ысык-Көл областынын аймагындагы ишкердиги олуттуу социалдык мааниге ээ. Өкүлчүлүгү ачылган ар бир региондо MegaCom компаниясы областтын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырат. Алсак, Каракол шаарында жаңы балдар бакчасы ачылды – компания имараттын реконструкциясына инвестиция жумшоого ниеттенүүдө, мектепке чейинки мекемеге болжол менен 1,5 млн. сом берилмекчи. Ошондой эле, жаңы окуу жылынын башталышына карата компания Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын Л. Толстой атындагы №1-жатак-мектебине 300 миң сомдон ашык суммага спорт жабдуулар менен камсыз кылган. 

Өкүлчүлүктүн салтанаттуу ачылышына катышкан Каракол шаарынын мэри Кубанычбек Абдубалиев, аймакта бизнес менен гана алектенбестен областтын бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, аймактын өнүгүүсү боюнча биргелешип иш алып барууга ниеттенген ушундай күчтүү инвестордун регионго келип жаткандыгына кубанычта  экендигин билдирди.

Өкүлчүлүгү ачылып жаткан ар бир региондо MegaCom компаниясы сапат эталону болуп келүүдө.

Ысык-Көл областынын алыскы тоолуу аймактарында сигналды ишенимдүү кабыл алууну 90дон ашык базалык станциянын ишин аткарып келүүдө,  ал эми Каракол шаарында Абоненттерди тейлөөнүн жаңы борбору сервистик тейлөөнүн жогорку деңгээлине кепилдик берет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Переоформление номера»

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    «Ищу тебя»