Перейти на новый сайт

Чолпон-Аталыктарга MegaCom компаниясынан белек!


Чолпон-Аталыктарга MegaCom компаниясынан белек!

Кыргыз-россия MegaCom компаниясы Чолпон-Ата шаарында жаңы Абоненттерди тейлөө борборунун ачылышына карата шаардын жашоочулары жана меймандарына жагымдуу сюрприз камдаган: акысыз мүнөттөр жана SMS бонустук топтому.

Тейлөө борборунда балансты 50 сом жана андан ашкан суммага толуктаган учурда бардык абоненттерге 20 акысыз SMS бонуска бериле тургандыгына кепилдик берилген. Бул бонус 10 күн аралыгында аракетте болот, эгерде баланс кайрадан толукталса, анда SMS суммаланат, ал эми алардын аракеттенүү мезгили декадага узартылат. Жаңы тейлөө борборунда кошулган бардык кардарларга белекке он күн аралыгында активдүү болгон 30 акысыз SMS берилет. Акция 2010-жылдын 18-октябрына чейин аракетте болот.

Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү, 52 дареги боюнча жайгашкан MegaCom компаниясынын жаңы тейлөө борборунда ар бир каалоочу компаниянын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр түрмөгүн ала алышат: SIM-карт жана аванстык төлөм карттарын сатып алуу, опцияларды активдештирүү, зарыл болгон орнотуу, калыбына келтирүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана кесипкөй консультанттарга кайрылуу.

MegaCom менен жагымдуу баарлашыңыз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Автооповещение

  • Услуга

    «Безусловная регистрация в роуминге»

  • Услуга

    «USSD-Меню: Мобильный портал»

  • Услуга

    MegaTV