Перейти на новый сайт

MegaCom филиалы эми Чолпон-Ата шаарында!


MegaCom филиалы эми Чолпон-Ата шаарында!

Кыргыз-россия MegaCom компаниясы өлкө региондорунда өкүлчүлүктөр түйүнүн кеңейтүүнү ченеми менен жүзөгө ашырып келүүдө. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Абоненттерди тейлөө борборун ачуу салтанаттуу аземи болуп өттү, бул компания тарабынан республиканын областтарын жана райондорун өздөштүрүүнүн маанилүү кадамынан болду.

Шаардын борбору MegaCom компаниясынын корпоративдик түстөрүнөн турган шарлар менен кооздолуп, салтанаттуу ыр кайрыктары топтолгон адамдардын көңүлүн көтөрүп турду.

– Саламатсыздарбы урматтуу достор, – деген сөздөр менен баштады салтанаттуу жыйынды MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич. – Жаңы тейлөө борборунан Силер MegaCom компаниясынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин ала аласыздар: бул, SIM-карттарды жана аванстык төлүм карттарын сатып алуу, опция жана кызмат көрсөтүүлөрдү активдештирүү, кесипкөй консультанттарга жардам сурап кайрылуулар. Борбордун бардык кызматкерлери силердин жердештериңиздер, алар Чолпон-Атанын жашоочуларынын ичинен тандалып алынып, Бишкек шаарында компаниянын мыкты адистеринен атайы окуудан өтүп келишкен. Биз силерди көргөнгө абдан кубанычтабыз, кош келиңиздер!

Көп сандагы коноктор шаардан дал ортосунда жайгашкан жаңы кеңсеге бет алышты. Компаниянын кызматкерлеринин айтуусунда бүгүн ачылган Абоненттерди тейлөө борбору өлкөдөгү эң мыкты борборлорго айланат. Ысык-Көл – Кыргызстандын бермети сыяктуудай эле, Чолпон-Ата шаарындагы филиал да MegaCom компаниясынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ичинен бермет зергерине айланмакчы.

– Биз MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасындагы башка операторлордун ичинен алгачкылардан болуп Абоненттерди тейлөө Борборун ачкандыгын кубанычтабыз, – деп белгиледи Абоненттерди тейлөө борборунун ачылыш аземиндеги сөзүндө шаардын мэри Мирлан Маратов. – Көптөгөн компаниялар, анын ичинде шаардын мэриясы да MegaCom компаниясынын корпоративдик абоненттеринен болуп саналышат, эми биздин оператор менен өз ара кызматташуу дагы да жеңил болмокчу.

MegaCom компаниясынын Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 52 дареги боюнча жайгашкан абоненттерди тейлөө борбору бардык адамдарды тыныгуусуз жана дем алышсыз, силерди күнүгө саат 9.00дөн тартып 19.00гө чейин күтөт. Жакынкы айларда компаниянын өкүлчүлүктөрү ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Баткен областтарында да иштей баштамакчы.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Астрология

  • Услуга

    SmartBook

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi

  • Услуга

    «SMS–консультант»