Перейти на новый сайт

MegaCom белектерди берүүнү улантууда


MegaCom белектерди берүүнү улантууда

Жаңы филиалдардын ачылышынын урматына кыргыз-россия MegaCom компаниясы өз абоненттерине SMS бонустук топтомдорун жана акысыз мүнөттөрдү тартуулайт. Июль айы дароо эки Абоненттерди тейлөө борборлорунун ачылышы менен белгиленди – Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын областтарында. Жергиликтүү жашоочуларга компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин гана алуу менен эмес, бул айлар жагымдуу белектердин тартууланышы менен да эстеринде калды.

Нарын шаарынын Орозбак атындагы көчөсү, 38 дареги боюнча жайгашкан филиалында балансын 50 сом жана андан ашкан суммага толуктоо учурунда жагымдуу бонус – 20 акысыз SMS белекке берилет. Бул белек менен 10 күн аралыгында пайдаланууга болот, ал эми балансты кайталап толуктоо учурунда SMSтер суммаланып, ал эми аракеттенүү мөөнөтү бир декадага узартылып турат. Мындан тышкары, жаңы Абоненттерди тейлөө борборлорунда MegaCom түйүнүнө кошулган бардык абоненттерге белекке акысыз 30 SMS он күндүк мезгил аралыгына тартууланат! Акция 29 сентябрга чейин аракетте болот.

Түштүк аймагынын борбор шаарынын жашоочулары үчүн MegaCom компаниясы башка сюрприз даярдаган, 2010-жылдын 22-августуна чейин MegaCom Абоненттерди тейлөө борборунда балансын 50 сом жана андан ашкан суммага толуктаган учурда абоненттерди белек күтөт – түйүн ичинде он мүнөт акысыз сүйлөшүү белеги. Бонус беш күнгө берилет, суткасы акысыз эки мүнөттөн. Жакында эле ачылган компаниянын А. Навои атындагы көчө, 13-а дареги боюнча жайгашкан Абоненттерди тейлөө борборунда Ош шаарынын бардык жашоочулары жана меймандары MegaCom компаниясынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин, ошондой эле жеке жана корпоративдик тейлөө маселелери боюнча адистердин консультацияларын ала алышат.

MegaCom менен бирдикте байланышта болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы