Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын пайдалуу белектер


MegaCom компаниясынын пайдалуу белектер

MegaCom компаниясынын кызматкерлери «Нурмээайса» убактылуу туруу балдар Борборуна барышып, анын тарбиялануучуларына макарон, сары май жана күн карама майын, шекер, ун, эт, пияз, картофель, тушенка, тааруу жана көптөгөн тамак-аш азыктарын өткөрүп беришти.

MegaCom бир нече жылдардан бери Орловка айылында жайгашкан Балдар борборунун жашоосуна катышып келүүдө. Компания туруктуу негизде тарбиялануучулар туурасында кам көрүшүп, алар үчүн ар кандай сюрприздерди даярдашып, алардын жашоо деңгээлинин жогорулатууга көмөк көрсөтүп келет. Өзүнүн кезектеги жолугушуусунда компаниянын кызматкерлери Борборго 1000 килограмм тамак-аш азык-түлүгүн алып келишкен.

- Учурда биздин «Нурмээайса» балдар үйүндө 49 бала тарбияланууда. Эми биз азык-түлүк үчүн кабатырланбай эле койсок болот. MegaCom компаниясынын жардамынан улам биз азык-түлүк менен бир нече айга камсыз болдук, - деп чын жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтуу менен уюлдук оператордун өкүлдөрүнө өз ыраазычылыгын билдирди балдар үйүнүн жетекчиси Гульнара Кирибаева.

Борбордо начар жашаган үй бүлөлөрдөн, жетим, жарым-жартылай жетим, алардан баш тарткан жана ата-энелерин ата-энелик укуктан ажыраткан балдар тарбияланат. Бирок, капага салган тажрыйбага карабастан Борбордун ардык тарбиялануучулары чоң жана эң ынтымактуу үй-бүлөгө айланышкан.

MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин «Нурмээайса» убактылуу туруу балдар Борборуна кезектеги сапары күз айларын пландаштырылган.

Ошондой эле компаниянын туруктуу көзөмөлүндө төмөнкү беш коомдук бирикме да турат: «Полктоштор», Ленинград блокадниктеринин Кыргыз коому, «Кайрымдуу күчтөр бирлиги», Аманатчылардын таламдарын коргоо коому жана «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары».

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы