Перейти на новый сайт

Чындык россия инвесторунун артында!


Чындык россия инвесторунун артында!

Кыргызстан сот инстанциялары өз чечимдери менен Eventis Telecom Holdings Ltd инвестициялык компаниясынын түзүмдөрүнүн Кыргызстандын MegaCom уюлдук операторунун уставдык капиталындагы үлүшүнүн 51 пайызына мыйзамдуу укугун тастыкташкан.

Мурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы MegaCom операторундагы аталган үлүштү мурдакы президент Бакиевдин баласынын айланасындагы адамдар тарабынан мыйзамсыз басып алуусу фактысы боюнча кылмыш ишинин негизинде Eventis Telecom компаниясын жабырлануучу катары тааныгандыгы белгиленген. Алардын көз боемочулугу аракеттеринин жана иш жүзүндө рейдердик басып алуунун негизинде Eventis Telecom компаниясы укуксуз негизде республикада чоңдугу боюнча экинчи болуп саналган MegaCom уюлдук байланыш операторунун контролдук пакетиндеги үлүштүн айрылып калган. Мында, Eventis компаниясынын укугу сот системасынын аракети MegaCom компаниясынын мыйзамдуу инвесторлорунун кызыкчылыгына карата толук кайдыгерсиздиги жана кылмышка жол берүүчүлүгүнүн алдында өткөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Eventis Telecom компаниясынын көзөмөл доо арызын кабыл алгын жана токтом чыгарган, ага ылайык «БиМоКом Лтд» ЖЧКсынын уюштуруу келишимине киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамсыз катары таанылган. Келишимдин ушул толуктоосу Eventis компаниясынан үлүштү тартып алууга жана Forntek Enterprises Limited ганконк холдинг түзүмүнө кайра өзгөртүп түзүүгө пайдаланылган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Бакиевдин айланасындагы адамдар россия инвесторунан MegaCom компаниясына катышуудагы 51 пайыз үлүшүн алып коюусу негизин аныксыз деп тааныган. Өлкөнүн башкы сот инстанциясынын бул маселе боюнча чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын райондор аралык соту Eventis компаниясынын туунду түзүмүн MegaCom операторуна катышуучулардын катарынан чыгарып коюну мыйзамсыз деп тааныган. «БиМоКом Лтд» ЖЧКсынын уюштуруу келишимдерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү деп аталган кошумча келишимдер жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот тарабынан аныксыз деп таанылган. Тергөө аныктагандай, бул документ жөн гана жасалмаланган. Ошого карабастан, аталган документке негизденүү менен Бакиевдин айланасындагы адамдар тобу көз боемочулук аракеттерди жасашып, россиялык инвесторду MegaCom операторундагы үлүшкө менчик укугун алып коюуга жетишишкен. Кийинчерээк ошол эле адамдар «БиМоКом Лтд» ЖЧКсын жасалма жол менен банкроттукка дуушар кылышкан жана бизнести жана MegaCom компаниясынын активдерин, атайы ушул максаттар үчүн Алексей Елисеев тарабынан түзүлгөн «Альфа Телеком» ЖАКына жасалма жолдор менен өткөрүп беришкен, «Альфа Телеком» ЖАКы А. Елисеев тарабынан белиз оф-шору Southfield Management Inc кайрадан каттоодон өткөн. Учурда Бакиевдин, «Ысык-Көл» Инвестбанкынын жана «БиМоКом ЛТД» ЖЧКсын «ишеним сатып алуучулары» айланасындагы ишкердиги кылмыштык териштирүүлөрдүн предмети болуп саналат. Бул факт Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен тастыкталган, ал «Ысык-Көл» Инвестбанкынын катышуусунда жасалма карызды канааттандыруу үчүн Максим Бакиевдин бизнес-айланасындагы адамдар тарабынан атайы уюштурулган «БиМоКом Лтд.» ЖЧКсынын мүлкүн сатуу боюнча бардык тооруктарды аныксыз деп тааныган. Сот ошондой эле, аталган мүлктү сатуу боюнча «ишеним сатып алуучулардын», ал эми иш жүзүндө ошол эле кылмыштуу топтордун кызыкчылыгында аракеттенишкен жасалма фирмалардын бардык кийинки бүтүмдөрдү аныксыз деп тааныган.

Ошентип, Eventis Telecom компаниясынын MegaCom операторундагы контролдук пакетке өзүнүн укугун коргоо жана далилдөө боюнча маселесинде чекит коюлду деп айтууга болот. Учурда россия инвестору Глеб Огнянниковдун Eventis компаниясы MegaCom операторунда катышуучу өз укугун жүзөгө ашырууда жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн пакеттин 49 пайызына ээлик кылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги менен кызматташууда..

Бүгүн кыргыз-россия MegaCom компаниясы бизнести жүргүзүүдөгү инновациялык ыкмаларды пайдалануу, Кыргызстанда телекоммуникациялык кызматтарды өнүктүрүүгө активдүү катышуу жана аларды дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу менен нормалдуу ыргакта иш алып барууда.

Маалымат үчүн:

Eventis Telecom - өнүгүп келе жаткан рыноктордо телекоммуникациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен адистешкен инвестициялык компания. Компаниянын негизги аракет кылуу чөйрөсү мобилдүү, факс байланышы, маалыматтарды берүү жана Интернет түйүнүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну куруу жана башкаруу саналат. Eventis Telecom Кыргызстанда, Казахстанда жана Өзбекстанда телекоммуникациялык активдерге ээлик кылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы