Перейти на новый сайт
Сиздин универсалдуу экспертиңиз *800!


Сиздин универсалдуу экспертиңиз *800!

MegaCom абоненттери *800 кыска номерине  чалып, EXPERT акы төлөнүүчү маалымат кызматына кайрылуу менен уюмдардын дарегин, телефон номерлерин алып, бизнес, маданият, туризм, билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарга ээ болуп, аба ырайын, валюта курсун  тактап, оюн-зоок иш-чараларынын тизмеги менен тааныша алат.

Квалификациялуу адистер талап кылынган маалыматтарды дароо маалымдап, кошумча убакыт талап кылынса да, эү эле оор суроолорго да жооп берүүгө аракеттенишет. Мындай маалымат кызматынын өзгөчөлүгү айдан ачык. Телефон чалгандар линиядан оператордун жообун күтпөсө деле болот, анткени адистер талап кылынган маалыматтарды дароо чогултуп, абонентке акысыз эле кайра чалып маалымдашат. Суроо берүү жагында эч кандай чектөөлөр жок, бир эле телефон чалуу менен түйшөлткөн бардык суроолорго жооп алууга болот.

EXPERT маалымат кызматы MegaCom абоненттерин кыргыз жана орус тилдеринде тейлөөгө алат. Кайрылуунун наркы минутасына 45 сомду түзөт, тариф мүнөттөр боюнча эсептелинет.

Сунушталган кызматтар

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы