Перейти на новый сайт

Эми биз TWITTER дебиз!


Эми биз TWITTER дебиз!

MegaCom - өз абоненттери үчүн WWW.TWITTER.COM аркылуу SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу  кызматын ачкан КМШдагы алгачкы уюлдук оператор.  Компаниянын демилгеси менен катышуучу өлкөлөрдүн эң көрүнүктүү сайтында Кыргыз Республикасынын туусу пайда болду.

Twitter платформасы аны ойлоп табуучулар тарабынан бир эле учурда өзүңүздүн бардык досторуңузга учурда эмне болуп жаткандыгы туурасында айтып берүү мүмкүнчүлүгү катары иштелип чыккан. http://www.twitter.com/ системасынын артынан сайтта каттоодон өтүшкөн абоненттер кыска билдирүүлөр менен алмаша алышат, ал тексттин авторунун жеке баракчасында чагылдырылып, дароо эле анын досторунун телефондоруна жөнөтүлөт. Эми аталган системада каттоодон өтүшкөн MegaCom компаниясынын абоненттери да өз уюлдук телефонунан SMS аркылуу твит-посттоорду алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Сервисти активациялоо үчүн компаниянын абоненттери өз телефондорун тиешелүү орнотууларда http://www.twitter.com/ сайтында каттоодон өткөрүүгө же START сөзү менен SMS билдирүүнү 4040 кыска номерине жөнөтүүгө тийиш, андан кийин келип түшкөн нускоону аткаруу зарыл. Чыгыш SMS билдирүүлөр абоненттин тарифине жараша төлөнөт, кириш билдирүүлөр - акысыз.

Twitter ресурсуна ар ай сайын кирүү 190 млн. уникалдуу пайдалануучуну түзөт. Кошулгула! Follow us @MegaCom_KG.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • Киоск

    кызматы