Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы менен бирдикте музыка билерманы бол!


MegaCom компаниясы менен бирдикте музыка билерманы бол!         

«Музыка билерманы» эксклюзивдүү кызмат көрсөтүүсү жагып калган композиция тууралуу толук маалыматты алууга мүмкүндүк берет.

Тректи угуу учурунда 8008 номерин терүү жана телефонду музыка чыгып жаткан булакка кеминде 15 секундга чейин кармап туруу жетиштүү. Кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу каттоону жана кошумча орнотуу-калыбына келтирүүлөрдү талап кылбайт. Бир нече секунддан кийин келип түшкөн SMS-билдирүүдө чыгарманын аталышы, аткаруучунун аты-жөнү, ошондой эле чыгарманы көчүрүп алууга боло турган wap-порталга шилтемелер камтылат. Тректи өзүнчө тариф боюнча wap-шилтемени активдештирүү аркылуу көчүрүп алууга болот.

Кызмат көрсөтүү дүйнө рыногунда 7 жылдан ашык мезгил аралыгында ийгиликтүү иш алып барып келе жаткан британ компаниясы аркылуу сунуш кылынат. Музыка таанып билүү технологиясы өтө так – ал сырттагы добуштарды четке кагуу менен бир эле ырдын ар кандай ыргактарын идентификациялоого мүмкүндүк берет. Музыкалык базасы 8 миллиондон ашык композицияны камтыган жана апта сайын 250 миң трек менен толукталып тура. Музыканы таанып билүү сервиси менен дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 35 млн. жашоочусу пайдаланып келет, Кыргыз Республикасында бул кызмат көрсөтүү MegaCom компаниясынын гана абоненттери үчүн жеткиликтүү.

8008 номерине чалуунун наркы – бардык салыктарды эске алуу менен 50 сомду түзөт, мүнөтүнө тарифтелет.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы