Перейти на новый сайт
Көңүл кош калбагандык үчүн ыраазычылык


Көңүл кош калбагандык үчүн ыраазычылык          

MegaCom компаниясы Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочуларына көмөк көрсөтүүгө багытталган «Түштүккө биргелешип жардам берели» жалпы республикалык кайрымдуулук акциясына активдүү катышкан бардык инсандарга ыраазычылык билдирет.

Компания тарабынан Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу масштабдуу акция өткөрүлдү, ал сан жеткис - бир нече миң катышуучуларды бириктирди. Катышууга компаниянын кызматкерлери, дилерлери жана абоненттери гана эмес, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жергиликтүү бийлик органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана жөнөкөй, катардагы кыргызстандыктар кошулушту.

MegaCom компаниясы акциянын активисттерин Ош жана Бишкек шаарларында топтоп, аларга көңүл кош калбагандык үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул жерге акциянын бардык катышуучулары келе алышкан жок, бирок ага катышкан ар бир адамга мен өзүнчө ырахмат айтканга даярмын! – деп баштады өз сөзүн MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич.– Түштүк аймакка колдоо көрсөтүү менен биз элибиздин бир бүтүндүгүн көрсөтө алдык».

Жан тарткан адамдар жана уюмдар алардын базасында кабыл алуу пункттары ачылган MegaCom компаниясынын 15 дилердик түйүнүнө 16 тонна гуманитардык жардам алып келип тапшырышты. Акциянын иш алып баруусу мезгили аралыгында MegaCom компаниясынын абоненттери 558 058 сом которушуп, кызматкерлери 913152 сом топтошкон. Жүктү түштүккө жеткирүү боюнча чыгашаларды MegaCom компаниясы өзүнө алган.

Акциянын катышуучусу, архитектор Татьяна Михневичтин эскерүүсү: «Гуманитардык жардамды таңгактоо үчүн жардам керек болуп жаткандыгын укканда дароо келдим. Мен MegaCom компаниясына аз болсо өз салымды кошуп ыраазымын, тагдырга байланыштуу кооптуу абалга дуушар мекендештериме колдоо көрсөтүүгө шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгымды билдирем».

Акциянын натыйжасында Ош жана Жалал-Абад областтарына жалпы салмагы 48,5 тоннаны түзгөн эки партиядагы гуманитардык жардам жеткирилген жана анын курамына чоңдор жана ымыркай балдардын тамак-аш азыктары, дары-дармектер, медициналык жана хирургиялык жабдуулар, кийим-кече, бут кийим жана алгачкы керектелүүчү буюмдар киргизилген. Гуманитардык жардамдын биринчи бөлүгү түштүккө 20 июнда, ал эми экинчиси 6 июлда келип түшкөн. Бардык жардам компаниянын өнөктөштөрү тарабынан медициналык мекемелер жана жабыр тарткандар арасында даректүү таратылып берилген.

MegaCom компаниясы «Түштүккө биргелешип көмөк көрсөтөлү» акциясынын бардык катышуучуларына көңүл кош калбай, компанияга карата калыстыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы