Перейти на новый сайт
Жаңы конушка MegaCom компаниясынан белектер


Жаңы конушка MegaCom компаниясынан белектер         

Компаниянын кызматкерлери Маевка айылдагы тополоңдо жабыр тарткандарга жолугушуп аларга турмуш тиричилик техникаларын өткөрүп беришти.

Маевка айылда болуп өткөн кайгылуу апрель окуяларынан кийин MegaCom компаниясынын кызматкерлери эң эле жабыр тарткан үй бүлөлөрдү колдоого алууну чечишкен. Тополоң болгондон кийинки күнү компаниянын кызматкерлеринен турган демилгелүү топ Маевка айылына барып, айыл жашоочуларына жолугушуп, зарыл болгон жардамдардын тизмесин түзүп кайтышкан.

– Адамдардын үмүтү үзүлүп калган, алардын үйлөрү таланып-тонолуп, өрттөнүп кеткен, – деп өзүнүн биринчи сапарын эстеп жатты MegaCom компаниясынын кызматкери Алтынай Джуманазарова. – Тамак-аш азыктары жана кийим-кечелер менен айылдаштары жардам берип келишкендиктен, жапа тарткандар турмуш тирчилик техникасы менен камсыз кылуу өтүнүчүн айтышкан, биз албетте жардам бердик.

Өрттөнүп кеткен үйлөрдү оңдоо акырына келип жеткен учурда компаниянын адистери Маевка айылына барып, жабыр тарткан үй-бүлөлөргө муздаткычтарды, газ плиталарын жана кир жуучу машиналарды тапшырып келишти, алардын жалпы суммасы 100000 сомдон ашык болгон.

– MegaCom компаниясына чоң ырахмат, бизди көңүлдөн сыртта калтырышкан жок, – дейт Маевка айылынын жашоочусу, төрт баланын мээрман энеси Нарханым Агалиева. – Үйүбүз өрттөнө баштаганда биз буюмдарыбызды алып чыкканга үлгүрбөй калдык. Азыр колубузда болгондун баардыгын көңүл кош болбогон адамдар алып келип беришти.

Турмуш тиричилик техникасы жаңы конушка пайдалуу белек болду. MegaCom уюлдук оператору туруктуу негизде калктын начар камсыз болгон катмарын колдоого алып , аларга колдон келген жардамын аябай келет. Корпоративдик социалдык ишкердик компаниянын стратегиясынын маанилүү бөлүгүн түзүү менен анын баалуулуктарын чагылдырып турат.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы