Перейти на новый сайт

Карылар жана майыптар үчүн Бишкек интернат-үйү заманбап технологияларды өздөштүрө баштады


Карылар жана майыптар үчүн Бишкек интернат-үйү заманбап технологияларды өздөштүрө баштады        

Интернат-үйүнүн жетекчилиги  көптөн бери улгайган адамдарга компьютер сабаттуулугу боюнча сабактарды уюштурууну пландаштырып жаткан, мына бүгүн биринчи кадам ташталды - MegaCom компаниясы интернат жашоочулардын пайдалануусуна компьютер берди.

- Биз майыптар менен улгайган адамдардын биздин интернаттагы жашоосун ыңгайлуу кылууга аракет кылуудабыз, – деп белгиледи интернат директору Маргарита Ашимова. –MegaCom компаниясынын жардамы менен бизде улгайган адамдарды ПКга окутуу мүмкүнчүлүгүбүз пайда болду. Интернат жашоочулары бул тууралуу бизге бир нече жолу кайрылышкан, анткени компьютер аларды, байланышы көп адамдарда чектелген дүйнө жүзүнө жакын болууга шарт түзөт эмеспи. Окутууну компьютерде иштей билген штаттык персоналыбыз эле жүргүзөт.

Өзүнүн корпоративдик стратегиясынын алкагында MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчиликке олуттуу көңүл буруп келет, туруктуу негизде билим берүү, маданият, спорт жана ден соолук тармагындагы долбоорлорду колдоого алып турат. Үй бүлө түрүндөгү «Нурмээайса» балдар үйү жана беш: «Полктоштор», Ленинград блокадниктери Кыргызстан коому, «Кайрымдуу күчтөр бирлиги», ОЗИВ жана «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмелери компаниянын камкордугуна алынган.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    VoLTE

  • Услуга

    Футбольный портал

  • Услуга

    «La-La Music»

  • Услуга

    Викторина «Собери машину»