Перейти на новый сайт
Кыргызстан мектеп окуучулары АКШда өткөн I-SWEEEP олимпиадасына катышып кайтышты


Кыргызстан мектеп окуучулары АКШда өткөн I-SWEEEP олимпиадасына катышып кайтышты      

MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Токмок шаарынын лицей окуучулары эл аралык олимпиадада экологиялык долбоордун бет ачаарын аткарышты.

Техаста (АКШ) I-SWEEEP 2010 масштабдуу Эл аралык мектеп экологиялык олимпиадасы болуп өттү. Өз иштерин 66 өлкөдөн келген 800дөн ашык мектеп окуучу сунуштай алышты. Долбоорлор үч багыт боюнча кароого алынган: энергетика, инженерия, курчап турган чөйрөнү коргоо. Кыргыз Республикасын намысын, MegaCom уюлдук компаниясынын колдоосу алдында, «Себат» түрк лицейинин (Токмок шаары) окуучулары – Сагынбек Дадыбаев жана Илья Дейнеко коргошту.

Мектеп окуучулары эксперттердин назарына өздүк экологиялык иштеп чыгуусун – «Көмүр кычкыл газын пайдалануу менен күлдү тазалоо» долбоорун алып келишкен. Технология, атмосферага зыян алып келген күл элементтерин жокко чыгаруу жолу менен курчап турган чөйрөнү коргоого багытталган. Алдын-ала долбоор Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин лабораториясында тесттик сынактардан өткөн.

– Биз долбоорду колдоого алгандыгы үчүн MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Олимпиадага катышуу менен мен инженер-технолог болом деген өз ишеничимди толугу менен бекемдеп алдым. MegaCom компаниясы биздин келечегибизге жол ачып берди, – дейт өз сөзүндө Сагынбек Дадыбаев.

Балдар башка өлкөдөн келген коноктордун алдында сүрөттөрдүн жана өлкө тууралу маалыматтык материалдардын жардамы менен Кыргыз Республикасы тууралуу айтып берүү менен жаңы достору үчүн белектерди – кийиз жана жыгачтан жасалган улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын ала келишкен.

Жалпы жонунан алганда I-SWEEEP 2010 олимпиадасында 400 долбоор сунушталып, аны АКШнын алдынкы университеттеринен келген эксперттер – 150 профессор баалашкан. Илья Дейнеко жана Сагынбек Дадыбаев ата-мекенине эстелик сертификаттарын жана өз чөйрөсүндө мыкты адис болууга умтулууларын алып келишкен.

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы