Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын «Түштүккө көмөк көрсөтөлү» кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгы


MegaCom компаниясынын «Түштүккө көмөк көрсөтөлү» кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгы     

Бүгүн Жалал-Абад областына гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди. Акциянын аягына чыгуусуна байланыштуу MegaCom компаниясы жарандар тарабынан топтолгон акча каражаттарын жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө отчетту тапшырат.

MegaCom кайрымдуулук акциясынын ишке кирген учурунан тартып компаниянын сайтында on-line эсептегич аркылуу акча каражаттарынын келип түшүүсү жөнүндө маалыматтарды абоненттерге туруктуу негизде сунуштап турду. Эки жуманын ичинде кыргызстандыктар тарабынан 558058 сом топтолгон. MegaCom компаниясынын кызматкерлери акцияга кошулуу менен өздөрүнүн бир күндүк айлыктарын которуп беришкен – ал 1 млн. сомдон ашыкты түзгөн. Аталган каражаттарга тамак-аш азыктары, дары-дармектер, медициналык жабдуулар жана биринчи керектелүүчү буюмдар сатылып алынып, эки баскычта республиканын түштүгүнө жеткирилген.

– Биз бир элбиз, ар бирибиз өз алдынча аракеттенгенге караганда, биргелешип көптөгөн бийиктиктерге жеттик. Компаниянын атынан жардам көрсөтүү чакырыгын четте калтырбай, мекендештерибизге көмөк көрсөтүүгө катышкан ар бир жаранга терең ыраазычылык билдирем. Биздин негизги максат гуманитардык жардамды эң муктаж болгон райондорго даректүү жеткирүү, жабыр тарткандардын колуна тапшыруу эле. Бул максатыбыз ишке ашты, – деп белгиледи Жылдыз Караталова, MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары.

Түштүк региондорго колдоону, компаниянын гуманитардык жардам топтоо пункттарына 16 тоннадан ашык тамак-аш азыктарын, кийим-кече, бут кийимдерди жана биринчи керектелүүчү буюмдарды алып келүү менен катардагы жарандар жана компаниялар көрсөтүштү. Өзгөчө активдүүлүгүн Кочкор айылынын, Кызыл-Кыя, Балыкчы жана Бишкек шаарларынын, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көрсөтүшкөн. Гуманитардык жардамдын алгачкы партиясы Жалал-Абад шаарына 20-июнда келип түшкөн, ал эми 5-июлда экинчи бөлүгү жөнөтүлгөн. Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 45 тоннаны түзгөн.

Жалал-Абад областында гуманитардык жардамды Базар-Коргон жана Сузак райондорунун: Чек, «Курорт», Балта-Казык, Таш-Булак, Арал, Янгиабад, Ырыс, «Бегабат» чек ара постунун району алышкан. Жалал-Абад шаарында жардам Куру-Кол көчүсүнүн, Набережная көчөсүнүн, Буташев атындагы көчөнүн, Мукуми көчөсүнүн, Пушкин атындагы көчөнүн, Ленин көчөсүнүн, Красина атындагы көчөнүн, Махмудов атындагы көчөнүн, Муминов атындагы көчөнүн, Икрамов атындагы көчөнүн, Осмонов атындагы көчөнүн, Железнодорожная көчөсүнүн, Островского атындагы көчөнүн, «Спутник» кичи районунун, Шаар ооруканасы районунун жана Эркин Балты Казык районунун жабыр тарткан үй-бүлөлөрүнүн арасында бөлүштүрүлгөн. Дары-дармектер Жалал-Абад областында жайгашкан качкындар лагерлеринин медициналык пункттарына өткөрүлүп берилген.

MegaCom компаниясы бардык абоненттерге, жарандарга жана өнөктөштөрүнө «Түштүккө көмөк көрсөтөлү» акциясына активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Түштүктө жабыр тарткандарга гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүүнү уюштурган, биздин дилерибиз Алишер Алимжановдун командасына өзгөчө ыраазычылык билдирилет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Автооповещение

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»

  • Услуга

    «Мобильный перевод»

  • Услуга

    «Пауза»