Перейти на новый сайт

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги кызматташтыгы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди


Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги кызматташтыгы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди      

2010-жылдын 6-июлунда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валентин Власов жана элчиликтин биринчи катчысы Лидия Дьяченко MegaCom уюлдук түйүн компаниясына жумушчу сапары менен келип кетишти.

Валентин Власов MegaCom компаниясынын башкы директору Андрея Силичке эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү менен элчиликтин атынан ыраазычылык катын тапшырды. Өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн көөнөргүс мисалынан болуп – Россия күнүнө карата MegaCom компаниясынын колдоосу алдында уюштурулган, Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн камералык оркестрдин концертин атоого болот. Ошондой эле, MegaCom компаниясынын «Түштүккө көмөк көрсөтөлү» акциясынын алкагында өлкөнүн түштүгүнө гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча россия компанияларына көмөк көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде, уюлдук компаниянын өкүлдөрү Кардарларды колдоо кызматын жана коммутаторлорду көрсөтүү менен элчиликтин өкүлдөрү үчүн атайы таанышуу экскурциясын уюштурушкан.

Коноктор компаниянын жогорку технологиялар менен жабдылганына өтө таң калышты. Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунун ичинен базалык станциялар саны боюнча алдынкы орунда туруу менен компания өлкөнүн 90 пайызга жакын калкын байланыш менен камсыз кылат. Республика боюнча базалык станциялардын жалпы саны 938 түзөт, эки диапазонду 900/1800 эске алганда – алардын саны 1050 жетет. Сапаттын жогору деңгээлинен улам күн сайын 2000 ашык адам өз тандоолорун компаниянын пайдасына чечишет, бүгүнкү күндө MegaCom компаниясынын абоненттик базасы иш жүзүндө эки миллион пайдалануучуга барабар.

Кыргыз Республикасында эң ири компаниялардын бири болуу менен, MegaCom уюлдук оператору эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташтыгынын мисалы кызматын аткарат.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Детализация вызовов»

  • Услуга

    «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

  • Услуга

    «4 языка»

  • Услуга

    «Mega USSD»