Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын «Түштүккө көмөк көрсөтөбүз» кайрымдуулук акциясынын жыйынтыктары


MegaCom компаниясынын «Түштүккө көмөк көрсөтөбүз» кайрымдуулук акциясынын жыйынтыктары    

MegaCom компаниясы жалпы республикалык акциянын аягына чыккандыгын билдирет жана түштүктөгү мекендештерибизге жардам бергендерге терең ыраазычылык билдирет.

Ош жана Жалал-Абад областтарындагы каргашалуу окуялардын алгачкы күндөрүнөн тартып MegaCom компаниясы жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясын баштаган. Компания уюлдук операторлордун ичинен биринчилерден болуп ыкчам, кескин абалда Ош жана Жалал-Абад шаарында жашаган 150 миңден ашык абоненттин балансын 15 млн. сомдон ашык суммага толуктап берген. Гуманитардык жардам топтоо боюнча республикалык деңгээлде атайы акция уюштурулган. Республиканын беш областында гуманитардык жардап топтоо боюнча 15 пункт ачылган, ал жерде биргелешип 16 тоннадан ашык жүк топтолгон – бул негизинен, кийим-кече, азык-түлүк, биринчи керектелүүчү буюмдар жана дары-дармектер.

MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин күчү менен жабыр тарткандарга жардам берүү фондуна бир күндүк эмгек акы которулуп, ал 1 млн. сомдон ашыкты түзгөн. Топтолгон каражаттарга 20 тоннадан ашык гуманитардык жардам сатылып алынган, ал 20 июнь күнү Жалал-Абад областына жеткирилип 10 миң адамдын арасында даректүү таратылган. Учурда, компаниянын абоненттери тарабынан топтолгон акча каражаттарына түштүккө гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы жөнөтүүгө даяр турат – эки жуманын ичинде кыргызстандыктар жалпы эсепке жарым миллиондон ашык каражат топтошкон. Кийинчерээк MegaCom компаниясынын акциясына Кыргызстандын башка уюлдук операторлору да кошулган.

MegaCom компаниясы «Түштүккө көмөк көрсөтөбүз» жалпы республикалык акцияга катышышкан бардык компанияларга жана жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Акцияны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап турган жана калктын калың катмарын тартууга көмөк көрсөткөн маалыматтык өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Өлкөбүздүн түштүгүндө жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардам каражаттарын топтоо боюнча акциянын өнөктөштөрүнүн тизмеси компаниянын http://www.megacom.kg/help_south дареги боюнча жайгашкан сайтында орун алган.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы