Перейти на новый сайт
MegaCom: балансты толтуруунун 7 ыкмасы


MegaCom: балансты толтуруунун 7 ыкмасы   

MegaCom компаниясы балансты толтуруунун ар кандай түрлөрү орун алгандыгы туурасында өз абоненттеринин эсине салат.

MegaCom компаниясы өз кардарларынын убактысын баалайт жана байланыш кызматтарына төлөөнү кошо алганда, тандоодогу эркиндиктерди сунуш кылат. Компаниянын абоненттери сунуш кылынган варианттан колдонуу аркылуу өзүнүн ишкер өнөктөшү, жакын туугандары жана курбулары менен ар дайым байланышта боло алат.

1. Балансты толуктоонун эң эле кеңири тараган ыкмасы – накталай каражаттар. MegaCom компаниясынын байланыш кызматтары үчүн төлөмдү абоненттерди тейлөө борборлорунда, фирмалык салондордо жана дилердик түйүндөрдү аткарууга болот – бүтүндөй республика боюнча төлөмдөрдү кабыл алуучу 6 500 ашык түйүн иш алып барат.

2. Абоненттин балансына токтоосуз чегерүүнү АУБ, Easy Pay, «Точка» жана «Шмель» сыяктуу 400 ашык төлөм терминалдарынан жана төлөмдөрдү токтоосуз кабыл алуу автоматташтырылган пункттарында да жүзөгө ашырууга болот.

3. Аванстык төлөмдөр карттары менен өз балансыңа сыяктуу эле кайсыл болбосун башка абоненттин балансына да каражаттарды которууга болот. Жеке эсеп, сатылып алынган картанын PIN-кодун белгилөө менен SMS-билдирүүнү 555 номерине жөнөтүү аркылуу толукталат. Каражаттарды башка абонентке чегерүү үчүн SMS-билдирүүдө картанын PIN-кодунан кийин бир аз аралыктан кийин балансы толукталып жаткан номерди белгилөө зарыл, – 996ХХХхххххх, мында ХХХ – түйүн коду, хххххх – абоненттин номери.

4. Почта байланышы бөлүмдөрүндө төлөм web-касса операторлору тарабынан кабыл алынат.

5. Ишке адамдар компаниянын эсебине каражатты банктык которуу аркылуу төлөмдү баалашат.

6. WebMoney электрондук төлөм системалары аркылуу толуктай алышат. Электрондук капчыктын орун алышы шартында дүйнөнүн каалаган жеринде туруп http://pay2.exchange.kg/services/mobilephone/megacom баракчасына кирүү менен каалаган номерге каражаттарды которууга болот.

7. «Мобилдүү которуу» кызматы алдын-ала төлөө тейлөөсү формасындагы абоненттер өз балансынын MegaCom түйүнүнүн кайсыл болбосун абонентине *550#1#055Ххххххх#которуу суммасы#чакыруу командасын терүү менен акча каражаттарын которууга мүмкүнчүлүк алган. Минималдуу которуу 30 сомду, максималдуу которуу – 800 сомду түзөт (жөнөтүп жаткан абоненттин балансында 10 калуусу керектиги шартында).

Балансы толуктоо, компаниянын кызмат көрсөтүүлөрү жана тарифтери тууралуу кеңири маалыматты, ошондой эле кошумча тактоочу суроолорду компаниянын www.megacom.kg сайты аркылуу же MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо кызматына - * 500 - кайрылуу менен алууга болот.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Спасательный круг»

  • Услуга

    Кто звонил?

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»

  • Услуга

    «Mega USSD»