Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын Ош шаарындагы абоненттерди тейлөө борбору кайрадан ачык


MegaCom компаниясынын Ош шаарындагы абоненттерди тейлөө борбору кайрадан ачык   

MegaCom компаниясы, Ош шаарында абоненттерди тейлөө борбору кыска мөөнөттөгү тыныгуудан кийин кайрадан ишке киришкендиги туурасында билдирет.

Ош шаарынын Масалиев проспекти, 10 «а» дареги боюнча жайгашкан көп тармактуу Тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтому сунуш кылынат. Бул жерде, күн сайын саат 9.00дөн тартып 18.00гө чейин Сиз балансыңызды толуктап, түйүнгө кошулуп жана жеке жана корпоративдик тейлөө маселеси боюнча квалификациялуу адистердин консультацияларын ала аласыздар.

Компаниянын адистери июнь айларындагы окуяларда компаниянын техникалык инфраструктуралары бардык кыйынчылыкты жеңип, толук кубаттуулугунда иш алып барып жаткандыгын белгилешти. Учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларында төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын жарымынан көбүрөөгү өз ишин жандантышты, ал эми компаниянын бардык дилердик түйүндөрү эң эле жакынкы аралыкта калыбына келтирилмекчи.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы