Перейти на новый сайт
Уюлдук операторлор түштүк областтарында жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү үчүн биригишти


Уюлдук операторлор түштүк областтарында жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү үчүн биригишти  

Өлкөнүн уюлдук операторлору абоненттер арасында Ош жана Жалал-Абад областтарынын калкы үчүн кайрымдуулук акциясын ишке киргизип жаткандыгы туурасында билдирет.

«Альфа Телеком» ЖАКы (MegaСom), «Sky Mobile» (Beeline) ЖЧКсы, «АкТел» (FONEX) ЖЧКсы жана «НУР Телеком» («О!») ЖЧКсы ош жана жалал-абад окуяларда жапа чеккен мекендештерибизге жардам көрсөтүү үчүн абоненттерден каражаттарды топтоо үчүн бирдиктүү 1106 номерин ачышты.

MegaCom, Beeline, FONEX уюлдук компанияларынын абоненттери 1106 кыска номерине телефон чалууну аткарган учурда, система автоматтык түрдө баланстан 30 сом же 30 бирдикти алып калат. «О!» жана FONEX операторлорунун абоненттери 1106 кыска номерине SMS-билдирүүнү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар, бул аркылуу жапа чеккендер фондуна 20 сом которуп берет.

Топтолгон каражаттардын максатына ылайык пайдаланылуусу боюнча уюлдук компаниялар кепилдик беришет. Бардык акчалар түштүк аймагынын жашоочуларын дары-дармектер, тамак-аш азыктары жана биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылууга максаттуу багытталат.

Акциянын жүрүшү тууралуу коомчулукка маалымат берүү ар жумалык негизде жүзөгө ашырылат.

Биз Кыргызстандын бардык абоненттерин аталган акцияга активдүү катышууга чакырабыз. Биздин мекендештер олуттуу кырдаалды жана жоготууларды башынан кечирип жатышат, алар биздин жардамды күтүшүүдө. Бул абалда республиканын бир да жашоочусу мындай кайгыга көңүл кош карабайт.

Эсиңиздерге сала кетчү нерсе, 2010-жылдын 15-июлунан тартып MegaCom компаниясы жалпы жарандык акцияны ишке киргизген – жапа чеккендерге жардам берүү үчүн эсеп ачылган жана бүтүндөй республика боюнча гуманитардык жардам топтоо пункттары орнотулган. Жарандар: *1106#Сиздин которуу суммаңыз#чакыруу (MegaCom компаниясынын абоненттери үчүн гана) командасын терүү жана - 0550 001106 атайы номерге каражат которуу менен жалпы эсепти толуктап келишет. Топтолгон каражаттар суммасын текшерүү үчүн: *1106#чакыруу командасын терүү зарыл жана www.megacom.kg дареги боюнча жайгашкан компаниянын сайтынан билүүгө болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Мобильная зарплата»

  • Услуга

    «Пауза»

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»