Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы өлкөнүн түштүгүндө жапа чеккендер үчүн гуманитардык жардам жыйноодо


MegaCom компаниясы өлкөнүн түштүгүндө жапа чеккендер үчүн гуманитардык жардам жыйноодо  

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочуларына колдоо көрсөтүү акцияларына кошулууга чакырат.

Оператор өтө кескин негизде дары-дармектерди, сатып тамак-аш азыктарын сатып алуу менен өлкөнүн түштүгүнө жеткирүү үчүн гуманитардык жардамды активдүү чогултууда. Жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү каалаган ар бир адам кабыл алуу пункттарына тез арада бузулуп кетпеген тамак-аш азыктарын, ымыркай балдар үчүн тамак-ашты, кийим-кечелерди, жуучу-тазалоочу каражаттарды алып келе алышат, бул каражаттар түздөн-түз түштүккө жөнөтүлмөкчү.

– Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп жаткан мындай каргашалуу окуялар ар бир атуулду кайдыгер калтырбай, жүрөгүнө орчундуу тагын калтырууда, – дейт MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич.– Биздин компания өткөн дем алыш күндөрү кескин тартипте 15 млн. сом бөлүп берген, аталган каражаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларында жашаган абоненттердин балансына которулуп берилген. Алардын ар бирине жакындары жана туугандары менен байланышуусу үчүн балансына 100 сом салынган. Бул оор күндөрү биз биримди сактап жана биздин мекендештерди колдоого алуу зарыл.

Компания топтолгон каражаттарды багыты боюнча жеткирүүгө кепилдик берет.

Гуманитардык жардам төмөнкү пункттарда кабыл алынууда:

MegaCom компаниясынын өкүлчүлүгү

Калктуу пункт

Дареги


Бишкек шаары

MegaCom компаниясынын кеңсеси

Бишкек шаары

Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилиши


Чүй областы

«Ахунов Т.Н.» ЖИ

Кара-Балта шаары

MegaCom компаниясынын фирмалык салону, Кара-Балта шаары, Центральная көчөсү, 275

«Балан» ЖИ

Кант шаары

Ленина көчөсү, 70, «Акнур» Соода комплекси ( «Каныкей» эмерек дүкөнүнүн жанында) М&ТС

«Мега Телеком» ЖЧКсы

Токмок шаары

Салон MegaCom компаниясынын фирмалык, Токмок шаары, М.Горький көчөсү, 139


Нарын областы

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Нарын шаары

Ленина көчөсү, Сон-Коль аялдамасы, «Мобилдүү Түйүндөр» төлөм кабыл алуу пункту

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Кочкор шаарчасы

Борбор, «Мобилдүү Түйүндөр» салону

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Ат-Башы айылы

Чатыр-Көл көчөсү 109, «Титан» компьютер клубу

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Чаек айылы

Э.Матыев атындагы көчө, 129, «ЛАРК» кеңсеси


Талас областы 

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Шекер айылы

Момбеков Байысбек атындагы көчө, 45 

«Мобилдүү Түйүндөр» ЖЧКсы

Талас шаары

Сарыгулов атындагы көчө, 36, «Алтын-Казык»

«Бекишов Н.» ЖИ

Талас шаары

«Замир» уюлдук бөлүмү (Борбордук базар, эт базарынын маңдайында)


Ысык-Көл областы

«Макеев» ЖИ

Каракол шаары

Токтогул атындагы көчө, 118, MegaCom компаниясынын фирмалык салону

«Балан» ЖИ

Балыкчы шаары

Комсомольская көчөсү, 73, «Ак-Бата» дүкөнү, эски базардын жанында


Баткен областы

«Абсатаров» ЖИ

Кызыл-Кия шаары

Асаналиев атындагы көчө, 10, дилердик салон, Телерадиокомпания ЮТС

«Абдуллоева Г.» ЖИ

Баткен шаары

Нургазыев атындагы көчө, «У Мирлана» салону

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    SmartBook

  • Услуга

    Сервис «Ментальная помощь»

  • Услуга

    Викторина «Собери машину»

  • Услуга

    «Чёрный список»