Перейти на новый сайт

MegaCom авангарддык киного чакырат


MegaCom авангарддык киного чакырат  

«MеgaCom менен автордук кино» долбоору 9-июнь күнү «Русалка» деген аталыштагы романтикалык тарыхий тасманы көрүүгө чакырат.

«MеgaCom менен автордук кино» долбоорунун алкагында ар бир шаршемби күнү саат 20.00дө Bizon барында авангарддык кинотасма сүйүүчүлөрүн чогултуп келет. 2009-жылдын октябрь айында башат алган долбоор ар аптада көрүүчүлөрдүн назарына дүйнөгө таанымал киноматографисттердин өзү-өзү билдирүү тасмаларын тартуулап келет.

9-июнь - шаршемби күнү саат 20:00дө MegaCom компаниясы Variety журналынын билдирүүсү боюнча келечекке үмүт берген эң мыкты он режиссерлордун катарына кирген Анна Меликянга таандык болгон «Русалка» тасмасын көрүү үчүн Bizon барына чакырат.

Бул, сүйкүмдүү жана романтикалуу тасма, уникалдуу касиетке ээ Алиса аттуу кыз тууралуу. Ата багуусунан жана эне мээриминен ажыраган селки 6 жашында сүйлөө речин жоготуп, акылдан ажырагандар үйүнө түшүп калат. Бул жерде ал уникалдуу жөндөмдүүлүккө, касиетке ээ экендигин түшүнөт: эмнени кааласа бардыгы орундалат.

Башкы каарман Русалка – бул, Ганс Христиан Андерсендин жомокторунда жолуккан Рксалканын эле прототиби, анын ролун орус актрисасы Мария Шалаева аткарат.

Киносеанстан кийин көрүүчүлөр адаттагыдай эле жагымдуу жагдайда сунуш кылынган тасманы талкуулоо жана өз пикирлери менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

  • Услуга

    Статус карты авансового платежа (КАП)

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр Этномедиа

  • Услуга

    Футбольный портал