Перейти на новый сайт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы MegaCom операторунун үлүшүндөгү 51 пайызга Eventis Telecom компаниясынын укугун таануу менен акцияларды жооптуу сактоого өткөрүп берди


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы MegaCom операторунун үлүшүндөгү 51 пайызга Eventis Telecom компаниясынын укугун таануу менен акцияларды жооптуу сактоого өткөрүп берди  

Eventis Telecom Holdings Ltd инвестициялык компаниясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Eventis Telecom Holdings Ltd компаниясынын кыргыз MegaCom уюлдук операторунун («БиМоКом Лтд» ЖЧКсынын) уставдык капиталындагы 51 пайыз үлүштү бөлүп алуу тууралуу арызын тергөөгө чейин текшерүүнүн негизинде козголгон кылмыш иши боюнча Eventis Telecom компаниясын жапа чеккен тарап катары таануу чечимин кабыл алгандыгын билдирет.

Eventis Telecom компаниясы бул актты өз талаптарынын мыйзамдуулугун таануу катары баалайт.

Eventis Telecom компаниясы мурдакы президент Бакиевдин айланасындагылардын рейдердик басып алуусу жана мыйзамсыз аракеттеринин негизинде Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлорунун ичинен чоңдугу жагынан экинчи орунда турган MegaCom операторундагы акциялардын контролдук топтомуна менчик укугунан негизсиз ажыратылган. Eventis компаниясынын укуктарын бузуу MegaCom компаниясынын мыйзамдуу инвесторлорунун жана кредиторлорунун кызыкчылыктарына кайдыгер кароо жана сот системасын манипуляциялоо жолу аркылуу тикелей эле бузуу менен коштолгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын сот органдары MegaCom операторунун Бакиевдин айланасындагылар тарабынан рейдердик басып алуусуна объективдүү жана ар тараптуу баа берүүгө тийиш.

2010-жылдын апрель айында Eventis Telecom компаниясы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жаңы жетекчилигине өз позициясын тастыктаган, мурда четке кагылган документацияны берген. MegaCom операторундагы россия инвесторунун 51 пайыз акциясын мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча тергөөнүн жүрүшүндө Башкы прокуратура Eventis Telecom компаниясын жабырлануучу тарап катары тааныган. Мындан тышкары, жабыр тарткан тараптын укуктарын камсыз кылуу үчүн MegaCom операторундагы жогоруда аталган үлүш арестке алынган жана башкаруу укугу менен Eventis Telecom компаниясына жооптуу сактоого өткөрүлүп берилген.

MegaCom уюлдук оператору Кыргыз Республикасындагы эң ири компаниялардын катарына кирет жана россия экспертизасын жана капиталын пайдалануу менен ийгиликтүү кызматташуунун мисалынан болуп саналат. Eventis Telecom компаниясы 2006-жылдан тартып MegaCom операторунун өнүгүшү үчүн каржылоо жана техникалык экспертиза менен камсыз кылып келген, бул компанияны алдынкы орундарга чыгарууга жана Кыргызстанда байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кыйла жеткиликтүү кылууга шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн.

Eventis Telecom компаниясынын өкүлдөрү бардык жеткиликтүү болгон юридикалык ыкмалар менен өз укуктарын коргоону уланта бермекчи. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана Убактылуу өкмөтү менен туруктуу байланышта болуу аркылуу Eventis Telecom компаниясы россия инвесторлору менен кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоого алуу маселесинде көрсөткөн көмөктөрү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Маалым үчүн:

Eventis Telecom – өнүгүп келе жаткан рыноктордо телекоммуникациялык долбоорлоду жүзөгө ашырууга адистештирилген инвестициялык компания. Компаниянын аракет кылуу негизги чөйрөсүнөн болуп, мобилдик, факсималдык байланыш операторлору, маалыматтарды берүүнү жана Интернет түйүнүнө жеткиликтүүлүктү куруу жана башкаруу саналат. Eventis Telecom Кыргызстанда, Казахстанда, Өзбекстанда жана Москва шаарында телекоммуникациялык активдерге ээлик кылат.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Отказ от SMS-рассылок

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    «Регистрация SIM-карты»

  • Услуга

    «ЗОЖ»