Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын колдоосу менен бокс боюнча Кыргызстан айымдар курама командасы Азия чемпионатына катышып келишти


MegaCom компаниясынын колдоосу менен бокс боюнча Кыргызстан айымдар курама командасы Азия чемпионатына катышып келишти  

MegaCom компаниясы Казахстанда өткөн Бокс боюнча Азия чемпиондугуна барып келүү үчүн айымдар курама командасына колдоо көрсөттү.

Кыргызстандын айымдар курама командасы бокс боюнча эл аралык Азия чемпионатына катышып келишти. Аталган чемпионат Казахстанда өткөн. рингде он алты өлкөнүн өкүлдөрү беттешүүгө чыгышты, алардын катарында Дүйнө, Европа жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери катышышты. Таймаштар эл аралык эрежелерге ылайык 11 салмак категорияларында жана Бокс боюнча Азия конфедерациясынын өкүлдөрүнүн байкоосу алдында өттү.

48 килограммга чейинки салмак категориясында биздин өлкөнүн намысын Назира Рахатова, 50 килограммга чейинки салмакта Ишмамбек кызы Уркия жана Шахриза Халилова, 75 килограммга чейинки салмакта Гульзат Мусабаева коргоого алышты. Таймаштардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы жеке эсеп боюнча эң мыкты деп табылган 8 команданын катарына кирген. Ата-мекендик курама команданын жакынкы пландарынан болуп – 2011-жылдын сентябрь айында өткөрүлө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышуу саналат.

Курама команданын машыктыруучусу Геннадий Глухов төмөндөгүдөй дейт: «Биздин айымдар курама командасы өлкөнүн тыш жагына барып таймаштарга биринчи жолу катышып келди. MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Кыргызстандын курама командасындагы спортчуларга дүйнө чемпиондору менен рингге чыгуу сыймыгы алынган, бал албетте эң мыкты сабактардан болду. Биз машыгууларыбызды күчөтүлгөн ыргакта өткөрүп, келерки жылы дүйнө чемпиондугуна катышууну пландаштыруудабыз».

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Второе дыхание»

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «ЗОЖ»