Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы Талас ооруканасына көмөк көрсөттү


MegaCom компаниясы Талас ооруканасына көмөк көрсөттү  

MegaCom компаниясы апрель айындагы окуяларда өз жардамдарын аябаган медициналык мекемелерге көмөк көрсөтүүнү улантууда. Жакында компаниянын өкүлдөрү Талас областтык бириктирилген ооруканага жана жергиликтүү Тез жардам борборуна дары-дармектерди жана белектерде тапшыруу үчүн Талас шаарына барып келишти.

Оорукананын башкы дарыгери Джумашалиев Шершенбек 6-7-апрелдердеги окуялардын кесепетинен Талас ооруканасына жарандардын сыяктуу эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 119 жабырлануучу кайрылгандыгын белгилеген. «Биз тынымсыз эмгектендик, бардык райондук ооруканалардан кошумча бригадаларды чакырдык, ал эле эмес Бишкек шаарынан кесиптештер жардамга келишти,– дейт дарыгер– Орулуулардын өмүрү үчүн күрөшкөн бир нече сутка түбөлүк эсибизде калат – бизде эч качан мындай «орчундуу күндөр» болгон эмес».

MegaCom компаниясы бүтүндөй республика боюнча медицина мекемелерине туруктуу жардам берип келет– компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилиги системалуу мүнөзгө ээ. Таңуучу материалдардан, шприцтерден жана антибиотиктерден тышкары компаниянын кызматкерлери ооруканага мүнөт бонустук топтому менен 150 SIM-карт тапшырышты. Акысыз мүнөттөр менен SIM-картты кыргызстандыктардын өмүрүн сактоого катышкан ар бир кызматкер алды.

Сунушталган кызматтар

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы