Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынан эл аралык роуминг өтө эле жеткиликтүү болуп калды!


MegaCom компаниясынан эл аралык роуминг өтө эле жеткиликтүү болуп калды!

MegaCom компаниясы тике роуминг-өнөктөштөрдүн санын жогорулатты.

MegaCom компаниясынын эл аралык роуминг абоненттер үчүн дагы да болсо ыңгайлуу болууда – май айында France Telecom Espana испан уюлдук байланыш оператору, Ekaterinburg-2000 россия оператору жана Indigo тажик оператору менен тике роуминг келишимдери күчүнө кирди. Бүгүнкү күнгө тике роуминг дүйнөнүн 22 өлкөсүндө жеткиликтүү.

Чет операторлору менен макулдашуунун негизинде абоненттерге ички MegaCom катталуусу MIR катталуусуна алмаштыруунун кажети жок – GSM роуминг-өнөктөштөрдүн түйүндөрүндө катталуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары, жогоруда аталган роуминг түйүндөрүндө Кыргыз Республикасынын бардык операторлору, ошондой эле роуминг боюнча MegaCom компаниясынын өнөктөш-операторлорунун көпчүлүгү менен эки тараптуу sms-алмашуу жеткиликтүү.

MegaCom компаниясы дүйнөнүн 183 өлкөсүнүн 457 операторлорунун түйүндө роумингди сунуштап келет, бул Кыргыз Республикасынын операторлорунун ичинде рекорддук болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы