Перейти на новый сайт

MegaCom авангарддык кино көрүүгө чакырат


MegaCom авангарддык кино көрүүгө чакырат

«MegaCom менен Автордук кино» долбоору 26-май күнү  «8 сүйүү жолугушуусу» деп аталган романтикалык комедияны көрүүгө чакырат.

«MegaCom менен Автордук кино» долбоорунун алкагында ар бир шаршемби күнү саат 20.00дө Bizon барында авангарддык кино тасманы сүйүүчүлөр жыйналышат. 2009-жылдын октябрь айында башат алган долбоор жума сайын көрүүчүлөрдүн сынагына дүйнөлүк киномотографиянын белгилүү режиссерлорунун тасмаларын көрүүгө алышат.

26-май, шаршемби күнү саат 20.00дө, MegaCom компаниясы кезектеги, Перис Романо жана Родриго Сорогойен режиссерлорунун «8 сүйүү жолугушуусу» тасмасын көрүүгө Bizon барына чакырат.

Бул, режиссерлор ар кайсыл адамдардын жашоодон алынган 8 кыска көрүнүштү чагылдырган жана тасманын соңунда алардын жолдору чиелешкен романтикалык комедия. Жаштар, карылар, кызганчаактар, кайдыгерлер, ишенимсиздер, романтикалуулар... каармандан ашык болуу, сезүү жана кубануу үчүн жолугушат.

Актриса Белен Руэданын кызуу аткарганы бүтүндөй тасманын жүрүшүндө оңтойлуу эмоцияларды тартуулап келет. Киносеанстан кийин адаттагыдай эле, көрүүчүлөрдө жагымдуу шарттарда тасманы талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • eSIM

    кызматы