Перейти на новый сайт

Жаш сүрөтчүлөр үчүн белек


Жаш сүрөтчүлөр үчүн белек

MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 65 жылдыгына арналган «Улуу Жеңишке тирүүлөй эстелик» деп аталган темадагы республикалык сүрөт сынагынын өнөктөшү болду.

Мектеп окуучуларына өздөрүнүн калктуу пункттарында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урматына орнотулган монументтерди жана эстеликтерди чагылдыруу сунушталган. Балдар ардагерлер менен жолугушууларды чагылдырышып, өлкөдө 1945-жылдагы тарыхий Жеңиш тууралуу эскерүүлөр кандайча сакталып келгендигин сүрөт аркылуу көрсөтүүгө аракет кылышты.

Сынакка республиканын бардык региондорунан 250дөн ашыгыраак сүрөт келип түшкөн. Калыстар тобу эң мыкты деп табылган 15 сүрөттү тандап алышкан, алардын авторлору Жалал-Абад, Талас жана Чүй областтарынан, Каракол, Нарын жана Бишкек шаарынан 4-класстан тартып 11-класска чейинки окуучулар саналат. Уюштуруучулар сынактын жеңүүчүлөрүнүн жумуштарынан турган көркөмдүү альбом чыгарышты.

«Сүрөт аркылуу улуу муунга Жеңишти алып келгендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдирүүгө мүмкүндүк түзүп бергендиги үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Мен өз сүрөтүмдү үч күн тарттым жана жеңишке жетишкендигим үчүн бактылуумун. Биздин сүрөттөрдөн турган, чыгарылган альбомду мен орус тили сабагынан берген мугалимиме белек кылам. Ошондой эле, тапшырган белектери үчүн да MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирем», - деп өз оюу менен бөлүштү конкурстун катышуучусу жана жеңүүчүсү, борбор шаарыбыздын №9-мектебинин окуучусу Виктория Нужная.

Байге ээлерине дипломдор жана баалуу белектер, анын ичинде сынактын өнөктөшү MegaCom уюлдук байланыш операторунун атынан да тапшырылды.

«Биз – мекендештербиз» коомдук фонду жана Республикалык «Кут билим» гезити сынактын уюштуруучуларынан болушту. Демилгеге Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Кыргызстандын россиялык мекендештер Координациялык кеңеши жана MegaCom компаниясы көмөк көрсөтүштү.

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы