Перейти на новый сайт

MegaCom кыйын кырдаал учурунда Кыргызстан КВНинин колдоого алды


MegaCom кыйын кырдаал учурунда Кыргызстан КВНинин колдоого алды

Оюндардын алмаштырылган демөөрчүсү MegaCom компаниясынын жардамы менен Кыргызстан КВНинин жардамы менен Москва шаарына жөнөгөнү турушат.

Оюндардын 15-сезонунун башкы жаңылыгынан болуп январ айында Кыргызстан КВН командасынын Сочи шаарында болуп өткөн «КиВиН-2010» Эл аралык 21-фестивалга катышып келүүсү саналды. MegaCom компаниясы бул фестивалга сапардын демөөрчүсү болду. Эми алдыда Москва шаары. Бул жолу КВН оюнчуларын Москва жана Подмосковьянын Борбордук лигасынын чейрек финалындагы оюндар күтөт.

Сочи фестивалынын жыйынтыгы боюнча, 552 команданын ичинен тандалып чыгып Кыргызстан курама командасы Москва жана Подмосковьянын Борбордук лигасынын сезонуна катышууга чакыруу алган, бул оюндар Россия Федерациясынын борбор шаарында өткөрүлүүдө. Март айында Кыргызстандын «ГОРОД ФРУНЗЕ» деген аталыштагы курама командасы Лиганын ачылышына ийгиликтүү катышып, КМШ өлкөлөрүнөн келген 212 команданын ичинен эң мыкты жана күчтүү аталган 35 команданын курамына кирген.

Бирок, 27-май күнү катышууга туура келген чейрек финалга Кыргызстан курама командасынын баруусу ишке ашпай калуу коркунучунда турган, анткени 7-апрелден 8-апрелге караган түнү Кыргызстан КВНинин кеңсеси талкаланып, клубка бир кыйла зыяндар келтирилген. Мына ушундай кыйын кырдаал учурунда биздин КВН оюнчуларына, Кыргызстан курама командасынын Москва шаарына барып келүүсүнө демөөрчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган башкы демөөрчү MegaCom компаниясы жардам көрсөткөн.

- Дос кыйынчылыкта билинет! Кыргызстан КВНи биздин кыйынчылыктарды угуп, билип, биздин досторубуз жардамдашуу колун бергендиги үчүн MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдирет. MegaCom компаниясынын жардамынан улам биздин курама команда сый-урматка ээ болгон лиганын оюндарынын чейрек финалына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Биз татыктуу оюн алып барып, мыкты деңгээлибизди көрсөтүп, башыбызды бийик көтөрүү менен Кыргызстандын намысын эл аралык аренада жетишээрлик коргой алабыз деп ишенебиз, – деп билдирди «Кабар» маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда оюндарды Кыргызстан шайырлар жана тапкычтар Клубунун Президенти Евгений Акопян.

Москва жана Подмосковья лигасы – Кыргызстан үчүн чоң жеңиштерге жана ийгиликтерге жетишүүнүн трамплини болуп саналат!

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • Нумеролог

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы