Перейти на новый сайт

Күлкү жана шайдооттук чемпиондору


Күлкү жана шайдооттук чемпиондору

КВН оюндарынын 15-сезонун бул клубдун күйөрмандары жана Шайырлар жана тапкычтар клубунун оюнчуларынын өздөрү да чыдамсыздык менен күтүп келишти. Бул маараке ар кандай жаш курактагы жана ар кандай деңгээлдеги: мектеп окуучусунан тартып бизнес жылдыздарына, саясатчылар жана спорт чеберлерине чейинки адамдарды бириктирди.

Позитивдүү, шайдоот жана ачык-айкын 16 команда жогорку лиганын чемпиондугу үчүн ат салышты, бирок финалга мыкты деп табылган 5 команда гана жетти: Кара-балталык «Фанаты Бека Борбиева», «ЧЕЗ», «КВНтин Тарантино» - Жалал-Абад курама командасы, «Сборная 312» жана «Не Дай Бох» командасы. Бул кечеде алар күйөрмандарына көптөгөн позитивдүү жагдайларды тартуулаганга жетишишти.

«КВН Кыргызстан жаштары үчүн өзүнчө эле искусство, спорт жана билим болуп саналат, анткени, өздөрүнүн бардык жигерин, шыктуулугун көрсөтүүгө туура келет. Шайырлар жана тапкычтар клубунун балдары – бул биздин жалпыбыздын эртеңки келечегибиз. Калыстар тобунун туруктуу мүчөсү катары мен бардык оюндарды чыдамсыздык менен күтөм, - деп белгиледи Жылдыз Караталова, MegaCom компаниясынын коммерциялык директору. – Биз дайыма келечекке басым жасайбыз, биз үчүн бул компаниябыздын негизги миссиясын чагылдырган олуттуу социалдык долбоор болуп саналат».

Кызуу таймаштын жүрүшүндө Кыргызстан КВНинин тарыхында биринчи жолу эки курама команда жеңүүчү болуп табылган - «КВНтин Тарантино» жана «Не Дай Бох». Кызыл чеке талкуулардан кийин «Эң мыкты тамаша» номинациясында «ЧЕЗ» командасы «Президент картошка эмес, аны отургуза албайсың» деген тамашасы менен жеңүүчү болуп табылды. MegaCom компаниясынын салтка айланган атайы белектер «КВНтин Тарантино» командасына тапшырылды.

«Кыргызстан КВНи менен MegaCom компаниясын кызматташтыктын көптөгөн жылдары байланыштырып келет. Бул, биргелешип иштешип жаткандыгыбыздын алгачкы жылы эмес жана сезондун 15-юбилейи MegaCom компаниясы бирдикте өтүп жаткандыгы үчүн биз чоң кубанычтабыз. Анткени бизди бир сапат бириктирип турат – биздин ар бирибиз өз тармагыбызда лидер болуп саналабыз!», - деп өзгөчөлөдү финалдык оюндарды Евгений Акопян, Кыргызстан шайырлар жана тапкычтар Клубунун Президенти.

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы