Перейти на новый сайт
ACCELS стипендиаттары MegaCom компаниясында практика өтүшөт


ACCELS стипендиаттары MegaCom компаниясында практика өтүшөт

Ишкердиктин аймактык интернатурасы Программасынын алкагында MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Жылдыз Караталова Борбордук Азиядагы Америка Университетинин стипендиаттары менен жолугуусун өткөрдү.

MegaCom, студенттердин практикалык билим алуусуна катышып жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңештери адимнистрлеген (ACCELS) Ишкердиктин аймактык интернатурасы Программасынын туруктуу өнөктөшү болууну пландаштырууда. Программа, Кыргыз Республикасынын мыкты жумуш берүүчүлөрүндө практика өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ таланттуу студенттерге багытталган.

Жолугушуунун натыйжасы компаниянын келечекке стратегиялык пландары, профилдик департаменттердин түзүмү, MegaCom компаниясына кантип жумушка орношууга боло тургандыгы жөнүндөгү маселелерге тиешелүү болгон баарлашуу болду. «Өздөрүн мыкты жагынан көрсөткөн стипендиаттар маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча биздин компанияда практика өтүүгө чакырылмакчы», - деп баса белгиледи Жылдыз Караталова.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы