Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясында мыктылар эмгектенишет


MegaCom компаниясында мыктылар эмгектенишет

Кесиптик майрамга – Кыргыз Республикасынын байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата Транспорт жана коммуникация министрлиги адаттагыдай эле телекоммуникациялык тармактын мыкты адистерин аныкташты.

Министрликтин Ардак грамотасына татыктуу болгон 36 байланыш кызматкерлеринин ичинен 11 кызматкери – MegaCom компаниясында эмгектенишет. Ак ниет аткарган эмгеги жана тармактын өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкондугу үчүн төмөнкү кызматкерлер сыйланышты: тармактын өнүгүшү бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Абубакиров, өндүрүш боюнча директор Тимофей Борисов, уюштуруу өнүгүү жана СМК талдоо бөлүмүнүн начальниги Елена Вагина, стратегиялык жана уюштуруу өнүгүү боюнча директор Светлана Волобоева, башкы бухгалтер Наталья Гаценко, коопсуздук боюнча директордун орун басары Валерий Дмитриев, биллинг бөлүмүнүн начальниги Елена Ким, дебитордук карыз менен иш алып баруу боюнча багыттын жетекчиси Тилен-Аалы Кызалаков, укуктук маселелер боюнча директор Ирина Лучкова, түштүк филиалынын директору Артем Фишер, административдик директор Эмильбек Худояров.

MegaCom компаниясы бул жылы телекоммуникациялык ишканалардын арасынан сыйлангандар саны боюнча дээрлик басымдуу болду.

Айырмаланган кызматкерлерге ардак грамоталарды башкы директор А.Г. Силич тапшырып, мыкты жетишкендиктери жана ак ниет эмгектенгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

- Бүгүнкү күнгө карата компания олуттуу жигерге ээ, биз иш алып баруу тармагыбыз боюнча эң кесипкөй кадрларды ишке тартып аларды кармап калууга аракеттерди кылуудабыз. Бүгүн буга дагы бир жолду ынандык, - деп белгиледи Андрей Силич.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)

  • Услуга

    «Настроение»

    icon
  • Услуга

    Раздай Wi-Fi

  • Услуга

    «Обмен номера»