Перейти на новый сайт

Ак дил сабактары


Ак дил сабактары

MegaCom ыктыярчылары майрам алдында ардагерлерге жолугуп кайтышты.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери компания тарабынан Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу мааракеге ден соолук шарттары боюнча катыша албай калган ардагерлерге жолугуп кайтышты. 40 адамдан ашыгыраак ыктыярдуу топ өз эс алуу күндөрүн дал ушундай өткөрүүгө – ардагерлерге жана тылда эмгектенгендерге жолугуп келүүгө даяр экендигин билдиришти. Ыктыярдуу бул маараке – жеңиш ээлерин куттуктоо жана аларга өз ыраазычылыктарын билдирүү ар бир адамдын милдети экендигине терең ишенишет.

Мен акцияга өз уулумду да ээрчитип алгам, - деп айтып берди MegaCom компаниясынын уюштуруу өнүгүүсү боюнча менеджери Бермет Дыйканбаева, - жаш балдардын мындай иш-чараларга катышуусу пайдалуу экендигине ишенем. Согуш ардагерлеринин айтып берип жаткан окуяларын кандай кызыгуу менен угуп жаткандыгын көрсөңүз болмок, мындан улам ата-мекенди сүйүү, патриоттук тууралуу мыкты сабак алды десем жаңылышпайм!»

Ардагерлерге гүлдесте, азык-түлүк топтому жана акчалай жардамдар тапшырылып, «Полктошуна телефон чалуу» акциясынын алкагында алардын ар бири, дүйнөнүн ар кайсыл бурчунда жашап жаткан өз аскер курбуларына чалуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындай иш-чара көптөгөн ардагерлер үчүн күтүүсүз болду – аны талап кылбагандарга көңүл бургандардын саны аз да.

Ошол эле күнү MegaCom компаниясы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган майрамдык концерттин демөөрчүсү да болду. Опера жана балет театрына топтолгон бардык 400 ардагер компаниянын атынан куттуктоо жана белектерди алышты.

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы