Перейти на новый сайт

Спортко кошкон салым


Спортко кошкон салым

MegaCom компаниясы ата-мекендик спортко кошкон салымы үчүн «Жылдын меценаты» катары таанылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене-тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттик Улуу Жеңиш күнүнүн алдында ата-мекендик спорттун өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкондорду белгиледи. Жогорку сыйлыктар жана наамдар Кожомкул атындагы Спорт сарайында болуп өткөн салтанаттуу маараке учурунда тапшырылды. MegaCom компаниясы татыктуу орунду ээлөө менен «Жылдын меценаты» наамын алды.

MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич «Дене-тарбиянын жана спорттун отличниги» ардактуу төш белги менен сыйланды. Бул сыйлык ага татыктуу тапшырылды. Андрей Силич жөн эле жакшы уюштуруучу гана болбостон, өзү да сейрек жашоо жүргүзүп, спорт менен машыгып келет. 2005-жылы Андрей Силич Кытайда болуп өткөн Дүйнөлүк чемпионатта «Ажыдаар» («Дракон») классындагы калактуу кайык менен 7-орунга татыктуу болгон. 2009-жылы Японияда кендо боюнча 1-кюга аттестация тапшырган, бул спорт чеберлигине талапкер наамына барабар. Учурда бокс, кикбоксинг жана фитнес менен активдүү машыгып келет.

- Мен кыргызстандык спортчулардын жетишкендигин жогорку деңгээлде баалайм, бизде өтө күчтүү машыктыруучулар жана жогорку кадрдык жигер орун алган деп эсептейм. Спортчулар тарабынан жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн алар ар дайым, туруктуу негизде спорттук беттешүүлөргө катышып, өз чеберчилигинин деңгээлин жогорулатып туруулары зарыл экендигин жакшы түшүнөм, - деп белгиледи сыйлык тапшыруу мааракеси учурунда Андрей Силич.

MegaCom компаниясы бир топ жылдар аралыгында ата-мекендик спортко көмөк көрсөтүп келет, бокс, бильярд спорту жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларынын башкы демөөрчүсү болуп саналат. MegaCom компаниясынын каржылоосу алдында өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы дзюдо боюнча 2 фестивалды уюштурган. Туруктуу негизде MegaCom компаниясы волейболчуларды, тенисистерди, футболчуларды, күрөшчүлөрдү колдоо менен жаш спортчулардын чоң спортто өзүн көрсөтүүсүнө жана эл аралык спорт таймаштарына баруусуна көмөк көрсөтүп келет. Спорт компаниянын демөөрчүлүк кызматынын бирден-бир негизги багытынан болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы