Перейти на новый сайт

Eventis Telecom Кыргызстанда өз кызыкчылыктарын коргоду


Eventis Telecom Кыргызстанда өз кызыкчылыктарын коргоду

Стокгольм шаарынын Соода палатасынын Арбитраждык соту MegaCom («БиМоКом Лтд» ЖЧКсы) операторунан карызды өндүрүп алуу боюнча Eventis Telecom компаниясынын доосун толугу менен канааттандырды.

Eventis Telecom компаниясынын юристи Аюр Доржиев Eventis Telecom компаниясынын MegaCom компаниясына берилген займдары боюнча талаптарынын жалпы суммасы 34 миллион АКШ доллар экендигин билдирди. Eventis Telecom компаниясы 2008-жылдан тартып Кыргызстанда өз кызыкчылыктарын коргоого аракет кылып келген, бирок Кыргыз Республикасынын сот системасынын каршы аракеттерине дуушар болгон.

Учурда укук коргоо органдары россия инвесторлорунун кызыкчылыктарын бузуу фактысын изилдеп жатышат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде MegaCom («БиМоКом Лтд» ЖЧКсы) операторунун уставдык капиталындагы үлүштүн 51 пайызына мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши андан ары изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу тергөө тобуна өткөрүлүп берилген, ал жерде «БиМоКом Лтд» ЖЧКсын жасалма жол менен банкроттукка дуушар кылуу жана MegaCom операторунун менчик укугун «Альфа Телеком» ЖАКына мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары изилденүүдө.

Апрель айында MegaCom компаниясына карата рейдердик басып алуу аракеттери көрүлгөн. Мүлктү мыйзамсыз бөлүштүрүүгө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн жетекчилиги өлкөнүн мурдакы жетекчилигинин үй-бүлөсүнүн айланасындагыларга таандык болгон уюлдук байланыш компаниясынын акцияларынын 49 пайызын контролдукка алуу жолу менен жеке менчик укугун коргоо алууга мажбур болгон.

«Учурда MegaCom компаниясынын негизги кызматтары, техникалык жабдуулары жана инфраструктурасы штаттык ыргакта иштеп жатат, - деп белгиледи компаниянын башкы директору Андрей Силич. - Өтүп жаткан жылдын биринчи чейрегинде компания өлкө бюджетине 249 485451 сом которуп берүү менен салыктык төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнүн милдеттенмелерин толугу менен аткарган. Мында, биз азыркы жетишкендиктерибиз менен эле токтоп калбайбыз, өлкөнүн рыногун өнүктүрүү менен Кыргызстандын аймагында бизнести алып жүрүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүүгө умтулмакчыбыз».

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Автоинформатор о низком балансе

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    «Спасательный круг»