Перейти на новый сайт
Курман болгондорго түбөлүк даңк, тирүүлөргө терең урмат!


Курман болгондорго түбөлүк даңк,  тирүүлөргө терең урмат!

MegaCom компаниясы Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата Ата Мекенди коргоочуларды куттуктады.

Ар жылы ардагерлерди, блокадага дуушар болгон адамдарды жана тылда кызмат өтөгөндөрдү бир жерге топтоо компаниянын көп жылдар бою калыптанган салты болуп саналат. Ардагерлерди MegaCom кызматкерлери үйлөмө аспаптар оркестринин музыкасынын коштоосунда салтанаттуу тозуп алды. Конокко чакырылгандар жай бийдин коштоосунда өткөн күндөрдү, согуш алааматтарын эске түшүрүштү. Кече өтө жылуу, достук салтанаты менен өттү. Кечеде ардагерлер үчүн «Казачья песня» ансамблинин катышуучулары фронттук ырларды аткарып жатты.

«Бүгүнкү биздин майрамда Силерди тозуу биз үчүн өтө ардактуу жана кубанычтуу. Эрдик сабактарыңыздар үчүн Силерге терең ыраазычылыктарды билдиребиз. Силердин эрдигиңер туурасындагы эскерүүлөр дагы көптөгөн жылдар бою биздин жүрөгүбүздө сакталмакчы. Ден соолугуңар бекем болсун!», - деген куттуктоо сөздөрүн айтты MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич.

Майрамга келген ар ардагер «Полктошуна телефон чалуу» акциясынын алкагында дүйнөнүн ар бурчунда жашап жаткан жакындарына жана туугандарына акысыз телефон чалуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Аскердик досторуна жана курбуларына телефон чалуудан тышкары ардагерлерге азык-түлүк топтому жана материалдык жардамдар тапшырылды. Майрамдан кийин чакырылгандардын бардыгы үйлөрүнө жеткирилди.

Ушул эле күнү компаниянын башкы директору Андрей Силич дастанга айланган адам– Тунгучбай Апасов менен жолугушту. Бүгүнкү күнү бул адам, белгилүү Панфилов дивизиясынын жоокерлеринин ичинен, өлкө боюнча көзү тирүү жалгыз адам. Тунгучбай Апасов аганын төшүндө көптөгөн орден жана медалдар тизилген, алардын ичине III даражадагы «Даңк» ордени, I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени, «Москваны коргогондугу үчүн» медалы, «Аскердик кайраттуулугу үчүн» медалы жана «Манас» ордени кирет.

«Өлкөбүздө Сизге окшогон баатырлар жашап жаткандыгына биз өтө кубанычтабыз. Ар бир баатырдын ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничти билдирем», - деди Андрей Силич.

6-май күнү компания «Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптары, тылда кызмат өтөгөндөр» коомдук бирикмесине Улуу Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону уюштурууда колдоо көрсөттү. Ар бир катышуучуга азык-түлүк топтому тапшырылды.

«Силердин келечек муун тынчтыкта жашоосун камсыз кылып берген эрдигиңиздер үчүн ырахмат урматтуу ардагерлер, - деп баштады куттуктоо сөзүн коммерциялык директор Жылдыз Караталова –Жаш муундун атынан жана биздин компаниянын атынан Силерге, согуш талаасында болгондорго, тылда кызмат өтөгөндөргө жана блокаданы жеңип чыккандарга терең ыраазычылык билдирем. Силер эрдиктин жана күжүрмөндүктүн көөнөргүс мисалдарысыздар. Силердин эрдиктер эч качан унутулбайт. Ден соолугуңар бекем болсун урматтуу ардагерлер!».

Сунушталган кызматтар

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «4 тил»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы