Перейти на новый сайт
MegaCom операторунда үлүшүнүн 51 пайызына мыйзамсыз ээлик кылгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду


MegaCom операторунда үлүшүнүн 51 пайызына мыйзамсыз ээлик кылгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Алексей Елисеевге, Евгений Гуревичке (Eugene Gourevitch) жана башка адамдарга карата өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча MegaCom операторунун («БиМоКом Лтд» ЖЧКсы) уставдык капиталындагы  үлүштүн 51 пайызына мыйзамсыз ээлик кылгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу турасында билдирди. Кылмыш иши андан ары тергөөгө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, укук коргоо органдары «БиМоКом Лтд» ЖЧКсынын жасалма банкроттукка дуушар болуусу жана россия инвесторлорун MegaCom операторундагы акцияларынын контролдук пакетине менчик укугун алып коюу максатына ээ болгон MegaCom операторунун мүлктүк комплексин жасалма келишимдин негизинде «Альфа Телеком» ЖАКына өткөрүп берүү фактыларын кароого алууда.

Eventis Telecom Holdings Ltd Инвестициялык компаниясы 2010-жылдын 28-апрелинде Стокгольм шаарынын Соода палатасынын Арбитраждык соту MegaCom («БиМоКом Лтд» ЖЧКсы) операторунан карызды өндүрүп алуу боюнча Eventis Telecom компаниясынын доосун толугу менен канааттандыргандыгын билдирген. Кечээ, 2010-жылдын 5-майы күнү Eventis Telecom компаниясынын юристтери чечимдин көчүрмөсүн алышкан, ал боюнча жооп берүүчүдөн карыздын негизги суммасы, пайдаланган мезгил аралыгы үчүн пайыздар, айыптык пайыздар жана доочунун арбитраж боюнча чыгымдары өндүрүлүп алынат. Eventis Telecom компаниясынын MegaCom компаниясына сунушталган займдары боюнча талап кылуусунун жалпы суммасы бүгүнкү күнгө карата 34 миллион АКШ долларынан ашыкты түзөт.

2008-жылдан тартып Eventis Telecom компаниясы тарабынан MegaCom компаниясынын инвестору жана кредитору катары өз кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана сот органдарына бир катар кайрылууларды жасаган. Бирок, Eventis Telecom компаниясы мурдакы президент Бакиевдин айланасындагы адамдардын көз боемочулук жосундарына жана өз укуктарын Кыргыз Республикасынын сот системасы аркылуу жүзөгө ашыруусу боюнча тоскоолдуктарга дуушар болгон.

Учурда Eventis Telecom компаниясы өз позициясы боюнча мурда утулуп калган документалдык далилдерди Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жаңы жетекчилерине сунуштаган, ал эми Башкы прокуратура жана Каржы полициясы органдары MegaCom операторундагы россия инвесторлорунун жана кредиторлорунун укуктарын бузуу фактысын текшерүүгө алуу иштерин алып барууда. .

Eventis Telecom компаниясы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана Убактылуу өкмөтү менен активдүү кызматташып жаткандыгын тастыктайт жана россия инвесторлору жана кредиторлору Бакиевдин үй бүлөсүнүн айланасындагы адамдар тарабынан MegaCom операторун рейдердик басып алуусу менен байланыштуу болгон жагдайларга ар тараптуу жана объективдүү баа берет деген ишеничте.

Сунушталган кызматтар

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы