Перейти на новый сайт
MegaCom жана КВН ар дайым бир жыштыкта!


MegaCom жана КВН ар дайым бир жыштыкта!

MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Кыргызстан КВНинин премьер-лигасынын мыкты командалары аныкталды.

«Кыргызстанда жасалган!» - мына ушул ураанды туу тутуу менен ата-мекендик КВН командаларынын шайырлары жана тапкычтары бүтүндөй 15-сезонду өткөрүштү, ал ушул мезгил аралыгында алмаштырылгыс өнөктөш, Кыргызстандын эң алдынкы уюлдук байланыш оператору MegaCom компаниясы командаларга колдоо көрсөтүп келди.

Премьер-лиганын финалында кыргыз колорити менен Ата-Мекенибиздин бардык кубанычтары менен тоскоолдуктарын чагылдырган жагымдуу тамашалар жаңырып турду. Тамашалардын пайдубалын акыркы айлардагы окуялар, адамдар жана жашоо-тиричилик абалдары негиздеди. Көрүүчүлөрдү “политехтин” курама командасы “Дети Соседа” командасынын: «Конституция – бул диктант эмес, аны кайрадан көчүрүп жазууга болот» деген саясый тамашасынын жигердүүлүгү көңүл кош калтырган жок.

Беш команда бир тепкичке жогорулоо менен кийинки сезондо Кыргызстан КВНинин Жогорку лигасында оюн алып барууга жолдомо алуу үчүн күч сынашты, алар: «Вукинги», БГУнун айымдар курама командасы «Марго Дэвич», Талас курама командасы «ББ», «Иссык-Кульские орлы» (Каракол шаары) жана Техникалык университеттин «Дети Соседа» командалары.

Коммерческий директор MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Жылдыз Караталова: «Биздин компания талантуу жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. MegaCom жана КВН ар дайым бир жыштыкта. Биздин жаштыгыбыз, позитивдүү эмоцияларыбыз жана креативдүүлүк бизди бириктирип турат. Бүгүн өзгөчө тамашалары жана уникалдуу сценарийи үчүн эки команданы белгилеп кетким келет – алар «ББ» жана «Марго Дэвич», жана жагымдуу команда - «Иссык-Кульские орлы».

Премьер-лиганын финалында биринчи орунду «Марго Дэвич» жана «ББ» командалары өз ара бөлүшүп алышкан болсо, экинчи орунга «Вукинги» командасы татыктуу болду. Бул үч команда КВНдин Жогорку лигасына көтөрүлүштү. Үчүнчү орун «Иссык-Кульские орлам» командасына, төртүнчү орун - «Дети соседа» командасына ыйгарылды.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • Планер

    кызматы