Перейти на новый сайт
Келечек кызматташууда


Келечек кызматташууда

Башкы директор  Андрей Силич жана Коммерциялык директор Жылдыз Караталова башында турган MеgaCоm компаниясынын жетекчилиги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын бизнес-коомчулук менен жолугушуусуна катышышты.

Бүгүн Hayatt мейманканасында тегерек стол отуруму болуп, анда өлкөнүн алдынкы компанияларынын жетекчилиги Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен республикадагы жалпы абал, өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо жана жакшыртуу үчүн кызматташтыктын жолдорун талкууга алышты.

Бизнес адамдары бүгүнкү күндө банк системасынын, тоо-кен иштетүү секторунун, туристтик бизнес тармагынын жана башка тармактардын өкүлдөрү дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелер туурасында сөз кылышты. Убактылуу өкмөттүн башчысы бардык сунуштар жана пикирлер боюнча жүйөлүү жоопторду бергенге аракет кылды. Ошондой эле Роза Исаковна ишкерлердин бардын пикирлери боюнча сунуштарды конкреттүү чараларды көрүү үчүн тиешелүү ведомстволорго бере тургандыгы туурасында сөз берди.

Тегерек столдун ишинин жыйынтыгында Андрей Силич бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берди, компаниянын утурумдук ишине кыскача токтолуп жана 7-апрелдеги окуялардан кийин орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча пикири менен бөлүштү.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud

  • Услуга

    «La-La Music»

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «Чёрный список»