Перейти на новый сайт
Кыргызстандагы MegaCom операторунун абалы жөнүндө


Кыргызстандагы MegaCom операторунун абалы жөнүндө

Eventis Telecom Holdings Limited компаниясы MegaCom  операторунун айланасындагы акыркы окуяларга карата өз позициясын билдирүүнү туура деп чечти.

Eventis Telecom компаниясы MegaCom компаниясынын инвестору жана кредитору катары өзүнүн мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүү жагында ачыктык жана транспортенттүүлүк принцибин сактоого ниеттенүүдө. Акыркы бир канча күн аралыгында, 2010-жылдын 7-апрелинен тартып кызыкчылыгы болгон адамдардан, саясый кыймылдардан жана атайы кызыкчылыгы болгон жактардан көмөктөшүү боюнча бир нече сунуштар келип түштү, бирок биз MegaCom компаниясынын келечегине тиешелүү кандай гана болбосун талкууну Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана мамлекеттин өкүлдөрү менен түздөн-түз жүргүзүү керек деп эсептейбиз.

Биздин көйгөйдү чечүү жана жөнгө салуу боюнча сунуштар жакшы ыкластан билдирилип жаткан болсо да жеке адамдардан мындай сунуштар жат көрүнүш деп эсептейбиз. Мындай позиция 2010-жылдын 13-апрелинде Москва шаарында биздин ыйгарым укуктуу өкүлүбүз менен демилгечи топтун өкүлдөрүнүн ортосунда болуп өткөн жолугушууда да баса белгиленген.

Eventis Telecom компаниясы тергөөчүлөрдүн колундагы документтерге ылайык MegaCom компаниясынын мүлктүк комплексинин мыйзамдуу менчик ээси, лизингдин төлөнбөгөн объекти катары «РТК-Лизинг» россиянын лизингдик компаниясы экендигин эскертет, ал эми бул жабдууларды «Альфа-Телеком» ЖАКына өткөрүү боюнча аракеттер жана чаралар эч кандай мыйзамдуу күчкө ээ эмес. 2007-жылы MegaCom операторунун контролдук пакети компаниянын өнүгүшү үчүн насыя боюнча «Өнүгүү жана тышкы экономикалык ишкердик банкы (Внешэкономбанк) Мамлекеттик корпорациясынын туунду банкы АКБ «Связь-Банк» ААКсына күрөөгө коюлган. Жакынкы аралыкта MegaCom соода бренди алдында иштеп жаткан уюлдук байланыш операторунун телекоммуникациялык жабдуусуна жана бизнесине инвестицияланган, жалпы суммасы 30 млн. АКШ долларынан ашкан суммага Eventis Telecom компаниясынын доосу боюнча Стокгольм шаарындагы Соода палатасынын Арбитраждык институтунун чечимин алуу күтүлүп жатат.

Eventis Telecom компаниясы MegaCom операторунун тегерегиндеги абал укуктук чектин жана эл аралык келишимдерге, 1992-жылдын 20-мартындагы «Чарба ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү талаштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө» КМШ өлкөлөрүнүн Келишими жана 1992-жылдын 14-сентябрындагы Россия Федерациясы менен Кыргызстан Республикасынын ортосундагы «Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук көмөк жана укуктук мамилелер жөнүндө» Келишимге жана Кыргыз Республикасынын укук ченемдерине ылайык өнүгүүгө тийиш деген ишеничте.

«Альфа Телеком» ЖАКынын башкы директору, «БиМоКом» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору А.Г. Силичке карата Eventis Telecom төмөнкүлөрдү билдирет. MegaCom операторунун активдерин Максим Бакиевге тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө чыгарып кетүү боюнча көз боемочулук иштерге эч кандай тиешеси болбогондугу туурасында тастыктоолор орун алган. Силич мырза 2006-жылы оператор түзүлгөн күндөн тартып ишке киришкен жана 2007-жылдын май айында россиялык инвестордун буйругу менен Башкы директор кызматына дайындалган. Өзүнүн дайындалган күнүнөн тартып телекоммуникациялык инфраструктураны жана бизнес операторду өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барып жана MegaCom долбоорунун катышуучуларынын ортосундагы талашууларга, конфликттерге катышкан эмес. 2009-жылдын июль айында А. Г. Силич MegaCom Бакиевдин бизнес-топтомунун контролдугуна дээрлик өткөндүгү туурасында россия инвесторуна жана кредиторлоруна жазуу жүзүндө маалымат берген. ишкананы сактап калуу, абоненттерди тейлөөнү улантуу жана MegaCom компаниясынын мүлкүн жок кылуудан сактоо максатында Силич мырза «Альфа Телеком» ЖАКына жумушка өтүү талаптарына макул болууга мажбур болгон. Өз кезегинде Eventis Telecom мындай мажбурланган кадамды таануу менен ага макулдугун берген жана MegaCom компаниясынын иш алып баруу мезгили аралыгында А. Г. Силич мырзага эч кандай доосу жок. А. Г. Силич бизнести социалдык камсыз кылуу жана кесиптик этика принциптеринде алып барган жетекчи катары Кыргыз Республикасында олуттуу абройго ээ. MegaCom компаниясынын учурдагы кескин кырдаалда иш алып баруусунда Андрей Силич мырза Eventis Telecom тарабынан толук колдоого алынат, анын компаниядагы орду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусунда MegaCom долбоорун рейдердик багынтууга карата бардык жагдайларды кылдаттык менен кароого алуу учурунда биз тараптан маанилүү шарт катары каралат.

Eventis Telecom - өнүгүп жаткан рыноктордо телекоммуникациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча адистешкен инвестициялык компания. Компаниянын иш алып баруусунун негизги чөйрөсүнөн болуп операторлор тарабынан уюлдук, факс байланыштарын, маалыматтарды берүү жана Интернетке жеткиликтүүлүктү куруу жана башкаруу куруу жана башкаруу болуп саналат. Eventis Telecom Кыргызстанда, Казахстанда, Өзбекстанда жана Молдовада телекоммуникациялык активдерге ээ.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    NITRO

  • Услуга

    MegaKassa

  • Услуга

    «Подарок ко Дню рождения»

  • Услуга

    «Mega USSD»