Перейти на новый сайт

Кыргыз Республикасындагы MegaCom операторунун мүлктүк комплексинин тегерегиндеги абал жөнүндө


Кыргыз Республикасындагы MegaCom операторунун мүлктүк комплексинин тегерегиндеги абал жөнүндө

MegaCom уюлдук операторунун айланасынын каржылык афера темасы боюнча кыргыз жана россия басма сөздөрүндө жарыкка чыккан маалыматтын алкагында жана Кыргыз Республикасында болуп жаткан акыркы саясый окуялардан улам «РТК-Лизинг» ААКсы MegaCom компаниясына карата өз позициясын чагылдырууну зарыл деп эсептейт.

«РТК-ЛИЗИНГ» ААКсы аны пайдалануу менен «Альфа Телеком» ЖАКы Кыргыз Республикасынын аймагында MegaCom маркасынын алдында өз оператордук ишкердигин жүзөгө ашырып келген жабдуулардын мыйзамдуу менчик ээси болуп саналат.

«БиМоКом Лтд» ЖЧКсы менен келишилген каржы лизингине ылайык 2006-жылдан тартып 2009-жылга чейин «РТК-ЛИЗИНГ» компаниясы MegaCom операторунун пайдалануусуна 80 млн. АКШ долларынан ашык суммага телекоммуникациялык жабдууларды сунуш кылган. 2009-жылдан тартып «БиМоКом Лтд» ЖЧКсы жогоруда аталган келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбай баштаган, натыйжада «РТК-ЛИЗИНГ» ААКсы 55 млн. АКШ долларынан ашык каражат албай калган.

Колдо болгон маалыматка караганда 2009-жылы MegaCom операторунун болжол менен 80 млн. АКШ долларына бааланган мүлктүк комплекси жалган бүтүмдүн негизинде кыргыздын «Ысык-Көл» Инвестбанкы» ААКсы аркылуу «Альфа Телеком» ЖАКы компаниясына жана адилет керектөөчүлөр деп аталган чиеленишке чыгарылып кеткен. Бирок, «РТК-ЛИЗИНГ» ААКсы лизинг келишими боюнча берилген жана төлөнбөгөн жабдуунун жалгыз, мыйзамдуу менчик ээси бойдон кала тургандыгын билдирет.

«РТК-ЛИЗИНГ» ААКсы карызды талап кылуу менен өндүрүп алуу аракеттерин көргөн жана бүгүнкү күнгө карата Москва шаарынын арбитраждык сотунун 435 млн. рублден ашык суммага күчүнө кирген эки чечимине ээ болгон. Бирок, учурда соттук чечимдер Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган эмес.

«РТК-ЛИЗИНГ» компаниясы мындан ары да өз укуктарын коргоого даяр жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына MegaCom компаниясынын тегерегиндеги абал укуктук чектин жана эл аралык келишимдерге, 1992-жылдын 20-мартындагы «Чарба ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү талаштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө» КМШ өлкөлөрүнүн Келишими жана 1992-жылдын 14-сентябрындагы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы «Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук көмөк жана укуктук мамилелер жөнүндө» Келишимге тиешелүү кайрылуу жасоону пландаштырууда.

«РТК-ЛИЗИНГ» ААКсынын басма сөз кызматы.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Мобильная зарплата»

  • Услуга

    «Замена и восстановление SIM-карты»

  • Услуга

    VoLTE

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)