Перейти на новый сайт

MegaCom штаттык ыргакта иштеп жатат


MegaCom штаттык ыргакта иштеп жатат

MegaCom компаниясынын жетекчилиги, учурда компаниянын бардык негизги кызматтары мурдакы ыргагында иштеп жаткандыгын билдирет. Компаниянын техникалык жабдуусу жана инфраструктурасы толук өлчөмүндө иштеп жатат.

Акыркы күндөрү компаниянын тегерегинде жөн гана сөздөр болбостон, рейдердик багынтуу катары каралууга толук мүмкүн болгон конкреттүү аракеттер көрүлүүдө. Республиканын мурдагы тышкы иштер министри А. Джекшенкулов башында турган «Акыйкаттык үчүн» кыймылынын атынан иш алып барып жатышкан адамдардын тобу бул иштерге түздөн-түз тиешеси бар.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн жетекчилиги жеке менчик укуктарын коргоого алып, мыйзамсыз багынтуу, бөлүштүрүүгө жол бербейбиз деп билдиришкен. Бирок, 2010-жыллдын 7-апрелинен тартып компаниянын кеңсесин, анын ичинде куралды колдонуу менен чалгындоолор токтобой келет. Бул топтор бир канча убакыт аралыгында компаниянын кеңсесин басып алган учур да орун алган натыйжада жабдуунун жарымы уурдалып, 10 млн. сом тегерегиндеги накталай акча каражаттары жоголгон Джекшенкуловдун өкүлдөрү тарабынан, башка адамдар тарабынан рейдердик багынтуудан сактоо деген шылтоо алдында 2010-жылдын 8-апрелинен тартып төр күн аралыгында «Альфа-Телеком» ЖАКнын активдерин сатып алуу-сатуу Келишими аркылуу башка жеке түзүмдүн пайдасына тез арада чыгарып кетүү боюнча Eventis Telecom менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ушул максаттарды төр адамдан турган топ Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетишкен, бирок алардын аракетин Eventis Telecom компаниясы четке кагып, түшүнбөстүгүн билдирген. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз каражаттарында «Акыйкаттык үчүн» кыймылынын MegaCom компаниясынын толугу менен улутташтыруу зарылчылыгын белгилеген карама-каршы келген пикирлери пайда боло баштады.

Eventis Telecom компаниясы тарабынан берилген арызы боюнча, россия инвесторлору жана кредиторлору MegaCom компаниясынын келечегин талкууга алуу Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылууга тийиш, ал эми калган бардык аракеттер уурдоо жана талап-тоноо катары бааланмакчы деп эсептешет.

Учурда, компаниянын акционерлеринин арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы полициясы компаниянын мүлкүн басып алуу аракеттери факты боюнча териштирүүлөрдү баштады. Мындан тышкары, акционерлер тарабынан ыйгарым укук берилген компаниянын жетекчилиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылган жана алар тарабынан компаниянын кеңсеси күзөткө алынууда.

Ошондой эле Eventis Telecom «Альфа Телеком» ЖАКы менен мүлктүк талашуулар боюнча үзгүлтүккө учураган соттук процессти Кыргыз Республикасынын сот инстанцияларында ишке ашырууну жандандырды.

MegaCom соода брендинин акцияларынын пакетинин 51 пайызына ээлик кылуучу компаниянын мыйзамдуу акционери Eventis Telecom, калыптанган абалга көңүл буруп жана компаниянын активдерин сактоо боюнча көмөк көрсөтүү арызы менен республиканын Убактылуу өкмөтүнө расмий арыз менен кайрылган. Eventis Telecom компаниянын Максим Бакиевдин аффилирленген адамдарына таандык болгон бир үлүшүн улутташтыруу боюнча сунушту колдой тургандыгын жана мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген түзүмдөр менен сүйлөшүүлөргө толугу менен даяр экендигин билдирген.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon
  • Услуга

    «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»