Перейти на новый сайт

Бишкек шаарында MegaCom компаниясынын колдоосу менен дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республикалык турнир аяктады


Бишкек шаарында MegaCom компаниясынын колдоосу менен дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республикалык турнир аяктады

25-март күнү борбор шаарыбызда Нооруз майрамына карата дзюдо боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Эки күн аралыгында жаш спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республиканын чемпиону наамы үчүн ат салышышты. Таймашууга 6 жаштан тартып 16 жашка чейинки жаш спортчулар катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты, сыйлыктар жаш жана салмак өлчөмдөрү боюнча ар кандай категорияларда тапшырылды. Ар бир категорияда бир чемпион, күмүш медалына бир жана үчүнчү орунда эки спортчу аныкталды. Таймашуулардын экинчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча судьялар жамааты 18 жеңүүчүнү аныктап беришти.

«Балдар мыкты жетишкендиктерди көрсөтүштү, - деп баштады сөзүн дзюдону өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун директору Абас Тынаев. – Биз, фестиваль спортчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатып республиканын спорт клубдарынын ортосундагы достук мамилени чыңдайт деген ишеничтебиз».

Уюштуруучулар кийинки фестивалды Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 65 жылдыгына карата 9-10-май күндөрү өткөрүүнү пландаштырышууда.

Турнирдин экинчи күнүнүн жеңүүчүлөрүнөн болуп төмөнкүлөр аныкталды: Мирлан уулу Арген, Баялинов Улан, Касымбек уулу Бакыт, Капаркул уулу Калыгул, Нарынбек уулу Расул, Талантбеков Бектур, Талайбек уулу Алтынбек, Женишбек уулу Дуйшебай, Талант уулу Эрлан, Аскарбек уулу Барчинбек, Кубанычбеков Омурбек, Эрнис уулу Медер, Мирлан уулу Раатбек, Акылбек уулу Иман, Сечкин Ратибор, Вишенцев Александр, Сарбатов Дастан, Амиржанов Умар.

MegaCom компаниясы жаш жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен алдыда дагы көптөгөн жеңиштерге жетишүүлөрүн тилек кылат!

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «La-La Music»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы