Перейти на новый сайт

MegaCom дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республикалык турнирдин демөөрчүсү болду


MegaCom дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республикалык турнирдин демөөрчүсү болду

24-март күнү  Нооруз майрамына карата дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Республикалык турнирдин ачылышы болуп өттү.

MegaCom компаниясы таймаштардын демөөрчүсү болду. Турнир Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөрүлүп, ага Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын областтарынан жана Бишкек шаарынан 600дөн ашык жаш спортчулар катышышат.

«Спорт компаниянын демөөрчүлүк активдүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарына кирет, – деп белгиледи MegaCom компаниясынын коммерция боюнча директору Жылдыз Караталова – Биз ар дайым, туруктуу негизде спорт оюндарын колдоого алып, өзгөчө өспүрүмдөр жана жаштар арасында сергек жашоо ыргактарын колдоого умтулуп келебиз».

Таймаштардын биринчи күнүн жыйынтыгы боюнча аралык жыйынтыктар чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бүгүн, 25-март күнү, таймаштардын финалдык беттешүүлөрү өткөрүлүп, турнирдин жеңүүчүлөрүнүн аттары аталмакчы.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы