Перейти на новый сайт
Терең ыраазычылык билдирүү


Терең ыраазычылык билдирүү

MegaCom компаниясынын эң активдүү абоненттерин чейрек сайын сыйлоо мааракеси болуп өттү.

Ар бир үч ай сайын компания корпоративдик жана жеке абоненттердин арасынан бар канча номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт. 12-март күнү Бишкек шаарында жана 19-март күнү Ош шаарында MegaCom эң активдүү жана калыс абоненттерди сыйлоо мааракеси болуп өттү.

Кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында жеңүүчүлөрдөн болуп Дуненкова Алла жана Вадим Ибраимов табылышты, алар роумингди активдүү пайдалануу менен эл аралык чалууларга олуттуу көңүл бурушкан. Жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөрдүн рекорддук саны үчүн Рагимова Хамида жана Бектен Сатаровго ыраазычылык билдирилди, бул эки адам биригип 6 миңден ашык билдирүү жөнөтүшкөн. «Роуминг кызматына чексиз ашыктык» номинациясында Эдди Моркос жана Мамакеев Канат сыйланды. Эл аралык жеткиликтүүлүк менен эң активдүү катышуучу катары Мамедов Фуад жана Абдуллаева Лейла табылышты. Мультимедиялык кызматтарга ашыктыгы үчүн Аманова Мээрим жана Кемал Донмеза ыраазылыкка татыктуу болушту. Компанияга олуттуу мамиле жасагандыгы жана калыстыктын жогорку деңгээли үчүн Ефимова Олеся жана Лукманов Нурдин сыйланышты.

MegaCom компаниясынын түштүк филиалында кыш айларында активдүү абоненттерди аныктоо 19-март күнү өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдүн катарына Юшан Пализити жана Мусали Сеяед Али киргизилди, бул адамдар ар дайым эл аралык чалууларды аткарып MegaMusic кызматынан активдүү пайдаланышкан. Бадалов Давран жана Азизов Бахтиер «GPRS/ММS мультимедиялык кызматтарга чексиз ашыктык» номинациясы боюнча жеңүүчүлөрдөн болушту. «Роуминг» кызматын туруктуу пайдалангандык үчүн Ажимаматов Акылбек жана Усманов Музаффар сыйлоого татыктуу болушту. SMS кызматын эң активдүү пайдалануучулар катары Иминов Аманылло жана Липчанская Виктория табылды. «Эл аралык жеткиликтүүлүк» кызматын олуттуу пайдаланган катары Нурматова Тариэля жана Курбана Али абоненттери аныкталды.

Ар бир жеңүүчү компаниянын ыраазычылык сертификатын жана белектерди алышты. MegaCom компаниясынын активдүү абоненттерин келерки жолу сыйлоо өтүп жаткан жылдын июнь айында өткөрүлмөкчү. Чейрек сайын сыйлоо – бул, компаниянын салтка айланган иш-чарасы жана MegaCom компаниясынын ар бир абоненти жеңүүчү боло алат!

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Голосовая почта»

  • Услуга

    Автооповещение

  • Услуга

    «Автоплатеж»

  • Услуга

    Пакеты «Роуминг Онлайн»